Кара-Суу районундагы мал ээлеринин жана мал догдурлардын айтымында, айылдарда уйларга оору аба аркылуу жугууда. Азыркы учурда бул ылаңдын жаңы тиби аныкталды. Дарыгерлердин айтуусунда, малды гигиена эрежелери менен караса, адамга жугуу коркунучу жок.
Шарп — ача туяктуу малдын жугуштуу ылаңы. Мунун жети тиби бар.
Ош облусунун мал дарыгерлердин айтууларында, азыркы кезде малда оору башталганда тумшук терлеп, ооздон шилекей агып, чөп жеп албай калат.
Карасуу районунун тургуну, мал ээси Чыңгыз Орозбаевдин билдирүүсүндө, бул оору малдардын бир жерден суу ичкенинен келип чыккан.
Анын уйларынын ооруганына төрт күн болду. Күнүнө эки жолу укол берип, үч жолу малдын оозун туз менен чайкап жатат.
«[Малдарды] даарылагандан кийин өзүмүн өзүнчө чачыгым, самыным бар»,— деп айтты мал ээси.
Токтогул Баитовтун айтуусунда, анын беш уйунун оорусу коңушу айылдагы малдардан жуккан. Мал даарыгерлердин кеңешине таянып, бир уйу ооруп калганда башка уйларына да шарп ылаңын атайын жугузган. Ошондо гана мал тез арада сакаярын айтты.
Биринчи сакайтуу этабында уйлардын ооздорун чайкап, андан улам бир чүпүрөк менен калгандарына жугузган.
"Кайнак сууга туз кошуп бир күн тазалап, экинчи күнү аракка сооданы аралаштырып, эки күн тазаладым. Он күн дегенде айыгып кетип от жеп калган",— деп түшүндүрдү ал.
Баитов өзү өткөргөн тажрыйбасынан кийин шарп болгон малга муздак сууну бербеш керектигин билди.
"Бул шарп үч күндүн ичинде 5-10 килограммга чейин [уйлардын] салмагын түшүрөт",—деди ал.
Шарп ылаңдын жаңы тиби
Кара-Суу райоунундагы мал догдур Марип Абжапаровдун өз сөзүндө, ушул айдын башынан бери бир эле айылда 47 шарп менен ооруп калган уйларды текшерип чыккан. Бул ылаңдын жаңы тиби аныкталды. Бул тибинде уйдун тили, жаагы, оозу ириңдейт. Мурун бир гана буттары жана желини ишип ириңдейт болчу.
Ветеринарлар малдан кан алып Оруссияга жөнөтүшкөн. Азыркы учурда жыйынтыкты күтүүдө.
Абжапаровдун айтуусунда мындай оору менен уйлар мал базарында көбүрөөк кездешет.
"Азыр сатам дегендин баары уколдотпойт. Шарп болгондор базардан алып келгендер. Бизде Кудайга шүгүр, мисалы Чүйдө бир ай мурун абдан каттуу болгон. Эч зыяны жокко, малдар арыктайт да",— деп кошумчалады.
Ош шаардык ветеринардык башкармасында шарп ылаңы боюнча статистика жүргүзүлгөн жок. Ушул башкарманын адиси Асан Авазовдун "Клоопко" берген интервьюсунда, бул ылаңды алдын алуу үчүн малдарга вакцина кылуу зарыл.
"Кой, мал, эчки, төө ооруйт. Өзү биринчи марганцовка менен жууп, ар түрдүү жаралар тазаланып, анан чык кылып (кайнак сууга туз кошулуу) жуйт. Эмделген мал тез сакаят",—деп айтты Авазов.
Адамды шарптан сактап калуу чаралары
Ал эми мал дарыгер Осмонали Орозбаевдин билдирүүсүндө, бул оору менен 100дөн ашуун малдын түрү ооруйт, жетиден ашык тиби бар. Ооруган малды тейлеген адам гигиенаны жакшы сактоо зарыл. Жана малдын этин абдан жакшы бышыруу керек.
"[…]Сүт, колбаса, чала бышкан нерселерден, [малдан адамга] адам баласындагы жаралардан жугат экен. Малдарды аймактарга киргизип чыгарганда, малды сойгонго, колдонгонго, [ооруган малдарды таза малдарга] аралаштырганга болбойт. Малды сатканга, алганга, терилерди колдонгонго мүмкүн эмес экен",—деп түшүндүрдү Орозбаев.
"[...]Арам өлгөн малдарды өрттөш керек",—деп сөзүн жыйынтыктады.
Касапчылар уруксат берилген этти гана сатышат
Бул боюнча касапчылар мал сойгон жерде мал дарыгерлерге текшертип, анан алар сатыкка чыгараарын айтты.
Ошондой эле малдын этин колдонгонго болот, анткени эт жакшы кайнатылат да адамга жукпайт",— деген ойду билдиришти.
Редактор: Айзат Шакиева