Өзгөн району: Шералы айылында газ баллон жарылып 4 адам жабыркаган

Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылында газ баллон жарылып 4 адам жаракат алган. Жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Элмира Шерипованын айтымында, Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылында газ баллон жарылып, кырсык  катталган.

 «2012-жылдын 12-январь күнү кечки саат 21:00 чамасында Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылынын Бейшеналиев көчөсүндө № жок үйдө, ашканада газ баллон жарылып, төрт адам күйүк жаракатын алган. Алар Өзгөн райондук оорууканасына жеткирилген»,-деди Шерипова.

Айыл башчысынын билдирүүсүнө караганда, үйдүн ээси камазынын газ баллонун үйүндө колдонуп, тамак бышырган.

«Жумушка бара жатып камазындагы газ баллонду колдонуп тамак бышырышкан.Тамак бышып,тамактанаар алдында газ жарылып кеткен. Балким чала жабылган газды мештин жанына коюп коюшкан жана ысыган газ жарылып кеткен. Жарылуунун кесепетинен үч баласы оор жаракат алган жана ооруканага жеткирилген. Ал эми үй колдонууга жараксыз »,-деди Калматов Сатыбалды.

Райондук оорукананын дарылоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нуржан Арыкованын билдирүүсүндө, кечки саат ондор чамасында райондук ооруканага Арыновдун үй-бүлөсүнүн тургундарын оор абалда алып келишкен. Алардын абалы азыркы кезде орто, денесинин аркы жана моюн тараптары күйгөн. 1-2- даражадагы күйүк алышкан.

«12-январда кечки саат ондордо, аймактык оорукананын сынык-жарат бөлүмүнө төрт адам оор күйүк жараты менен келип түшкөн. Жабыркагандар: Арынов Ильяс 1961-ж, арткы жана моюн тарабы күйгөн, Арынов Мусурманкул 1990-ж, Ильяс уулу Эламан 1997-ж, Иляс уулу Сыймык 2003-ж. Үчөөндө тең 1-2 даражадагы күйүк, көбүнчө бет тарабы күйгөн»,-деди дарылоо бөлүмүнүн орун басары.

Азыркы учурда аларга бардык жардам көрсөтүлүүдө. Айыгып кеткенге чейин биздин кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат,-деп кошумчалап кетти Арыкова.

 Балдарын ооруканага алып барган атасы өзү ооруканага жаткан эмес.

Арынов Ильяс менен байланышууда жеткиликсиз болду, бирок анын бир тууган иниси Арынов Адыл менен байланыша алдык.

Арынов Адылдын айтуусунда, туугандарынын абалы жакшы, беттери гана күйгөн.

«Туугандарымдын абалы жакшы. Байкемдин ооруканага кайрылбаганынын себеби, үй жайын кароого эч ким жок болгондуктан жана үй эмеректери сыртта болуп, аларды башка жакка ташууга өзү кеткендиктен ооруканага барган жок», деп билдирди ал.

 Редактор: Айгул Гуламидин кызы