«Кремль» түнкү клубунун кызматкерлери жаңы жылдык майрамдоо кечесине мүмкүнчүлүгү чектелген кызды киргизбей койгон. Болуп өткөн окуя үч күндөн бери Кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында катуу талкууга алынууда. Клубдун жетекчилиги, кыздын көңүл ачуу жайга келиши ден-соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн эле, деп билдирүүдө.
Бул окуя 27-декабрь күнү болуп өткөн. Ошого карабастан интернет мейкиндигинде эки жумадан кийин пайда болгон. Болуп өткөн окуя тууралуу 11-январда krasikova_vera интернет колдонуучусу smi2.ru сайтына жарыялаган.
«Тил котормоолор агенттигинде эмгектенген Бишкектик Лилия Мустафина мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен (майыптар коляскасында отургандыктан) клубка киргизилген эмес»,- деп жазылган интернет маалыматта.
Клубдун коопсуздук кызматкерлери кызга «майып экенин» жүзүнө айткан жана ошондой эле анын клубда болушу башка кардарлар үчүн ыңгайсыз абалды жаратаарын айтышкан,-деп жазаган интернет колдонуучу krasikova_vera.
Бир аз убакыттан кийин Мустафинаны клубка киргизишкен, бирок клубдун жетекчилиги аны экинчи кабаттан бийлөө аянтчасына түшүүгө тыюу салган.
Мустафинанын кесиптештери адам укуктарын тепсеп жатканын клубдун жетекчилигине айтканына карабастан, аталган жайдын администратору жана коопсуздук кызматкерлери Мустафинаны «мүмкүнчүлүгү чектелген» деп бийлөө аянтчасына түшүүгө уруксат берген эмес.
«Кремль» клубу коргонууда
«Клооптун» кабарчылары Мустафина менен жана анын иштеген жери «Статус» котормо агенттиги менен байланыша алышкан жок.
Евгений аттуу интернет колдонуучусу өзүнүн клубунун кылган аракетине жан тартып smi2.ru сайтына, клубда мындай окуя болгондугун тастыктап жазган.
«Тилекке каршы, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ыңгайлуу убакыт өткөрүшү үчүн атайын жабдыктар менен камсыздалган эмеспиз!»,— деп жазган ал.
Мустафинага карата колдонулган мамилени «кардарлар жөнүндө кам көрүү» менен түшүндүрүп өттү.
«Биздин жайга улгайган адамды киргизе албайбыз, анткени каттуу музыканын добушунан ал өзүн жаман сезиши мүмкүн. Же болбосо, дагы бир мисал эпилепсия менен ооруган адам экенин билип калсак ага да кирүүгө уруксат бербейбиз, себеби атайын ар түрдүү жарыктыктын негизинде жабыр тартып калышы мүмкүн»,— деп жазган колдонуучу.
«Кремль» клубунун пиар-директору Евгений Фридман «Клооптун» кабарчысына бул комментарийлерди smi2.ru. сайтына жазгандыгын тастыктады.
«Мустафина үчүн көнүмүш адат»
Фридман интервью учурунда жогорудагы комментарийге жазылган сөздөрдү эле айтып, Мустафина клубду сотко бергендигин кошумчалап өттү.
«Сотко бербегиле деп суранбайбыз. Эгер бизди сотко берсе, мейли биз каршы эмеспиз, биздин юристтер бул маселенин үсүтүндө иштеп жатышат»,— дейт Фридман.
Мустафина менен ошол күнү бирге болгон «Лексикон» котормо агенттигинин директору Лира Бектурова «Вечерний Бишкек» гезитине берген интервьюсунда сот процесси жөнүндөгү маалыматты тастыктады.
«Мустафинанын айтуусунда мындай мамилеге көнүп калган»,— деди Бектурова гезитке берген интервьюда.
Мустафинанын клубка кирүүсү үчүн аталган жайдын кызматкери 500 сом алган,-деп жазган krasikova_vera интернет колдонуучусунун сөзүн Фридман аныктагысы келген жок.
Аталган жайдын пиар-директорунун айтымында, «Кремль» клубу иликтөө ишин жүргүзүп жатат, бирок, клубдун коопсуздук кызматкерлери бул тууралуу таптакыр башка жагдайды сүрөттөп берген.
Интернет колдонуучуларынын кабыл алуусу
smi2.ru сайтына Фридман тарабынан бир комментарийи жазылган, бирок ал интернет колдонуучулардан узун жооп алды.
Bermet Tursalieva аттуу колдонуучу, «Кремль» клубунун кызматкерлери эпилепсия менен ооруган адамды кантип айырмалай алаарын сурады.
«Маңдайында жадырап, жыпар жыттанып, татынакай кийинип, сымбаттуу турган адамдын эпилепсия менен ооругандыгын кебетесинен эле билсе болот дегенди биринчи жолу угуп жатам!»— деп жазган ал.
Кыргызстандагы белгилүү «Дизель» форумунда, болуп өткөн окуя үч күндүн аралыгында каттуу талкууга алынып, алты баракка чейин жеткен.
Колоднуучулардын көпчүлүгү клубдун аракеттерин талкуулап жатса, кээ бирилери «фейс-контролдун жыйынтыктарын түшүндүрүүгө милдеттүү эмеспиз» деп айткан Фридмандын комментарий сөзүн канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин талкуулап жатышты.
Azat_19 аттуу колдонуучусу - клуб жеке менчик болгонуна карбастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийээрин билдирип, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жазылган атайын мыйзам бар экенин эске алып, алар эч кандай басмырланууга алынбашы керектигин эске салды.
Ошондой эле интернет колдонуучусун, эмне себептен кызды клубка киргизбегендиги кыжырдантты.
«Эгер мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын алдында жүз жолу кечирим сурашып, майыптар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлбөгөндүгүн түшүндүрүп, кийинчерээк жетекчилик алдына мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын шар түзүү боюнча кайрылуу жасаарына сөз берип жакшы мамиледе узатып коюшса, эч кандай уу-дуу болмок эмес — дейт azat_19.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев