Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттикти жойгондугу үчүн экологдор нааразы

Мамлекттин жаңы структурасы боюнча алты ведомствону ичине камтыган айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиги экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына караштуу болуп калды. Экологдор мындай өзгөрүүлөргө нааразычылыгын билдиришти.

Орто Азия аймактык тоо борборунун директору Ислам Даировдун оюнда, мамлекеттик агенттиктин милдетерин мамлекеттик инспекцияга тапшырып берүү айлана-чөйрөнү коргоо иштерине терс таасирин тийгизет.

«Ушлу сыяктуу алмашуулар же ич аралык кошуулар болгондо мурунку адисттер кетип, жаңылары келет. Иштерибиздин эффктивдүүлүгү бир кыйла төмөндөйт»,-дейт Даиров.

Эколог Темир Кулумбаев да кесиптешинин сөздөрүн колдоп, агенттикти жоюуу маселеси «шашлыш» жана «себепсиз» түрдө кабыл алынды дейт.

«Бул долбоорду даярдагандар эколог жана башка адистерди чакырып, алар менен кеңешип, жакынкы чет өлкөлөрдүн дүйнөлүк тажыйырбасын үйрөнүп чыгып, мындай өзгөрүүнүн оң жана терс жактарын карап, андан кийин гана чечим кабыл алышы керек эле»,-деп арызданыды серепчи.

Ал эми өкмөтүн басма сөз катчылыгы, жаңы мамлекеттин структурасы түзүлүп жатканда бардык тараптардын өкүлдөрү чакырылган деп билдирет.

Темир Сариев жетектеген экономика жана антимонополдук тескөө министрлигинин долбоорунда, айлан-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин милдетери экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына өткөрүлүп берилет. Бул инспекция дагы башка жети органды өзүнө камтып келген.

«Алейне» кыймылынын экологу Эмиль Шукуровдун айтымында, табиятты коргоо милдети мамлекеттик инспекцига өткөрүлүп бергенден кийин жаратылыш «бизнесс жасоо» жана «коорупциондук механизмдер» үчүн аянтчага айланышы мүмкүн.

«Мындай өзгөртүүлөрдү инвестицияларды тартуу, ишкерлерге шарттарды түзүү менен түшүндүрүп жатышат. Бирок, мунун баары алдамчы/ митаам ишкерлер үчүн, анткени алар агенттик койгон тыюулардан пайда көрүшчү эмес, эми аларга жол ачылды»,-деп эсептейт эксперт.

Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери мындай өзгөртүүлөргө терс көз каршата. Бирок алардын айтымында, бир нерсени өзгөртүү үчүн эч нерсе кыла албастыгын билдирди.

Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул
Гуламидин кызы
Автор: Бегимай Бекболотова