Ан-24 учагына болгон тыюу Кыргызстанда ич аралык каттамдардын жабыркашына алып келди

АН-24 үлгүсүндөгү самолеттордун учуусуна тыюу салынгандыктан, Кыргызстандыктар мындан ары Бишкек-Ош-Бишкек каттамдары менен гана жүрө алышат. Бул абал өлкө ичинде кичи учактарды кабыл алчуу аба майданына болгон каттамдардын токтолуусуна алып келди.

2012-жылга чейин дайыма белгилүү тартип боюнча Жалал-Абад, Баткен, Исфана каттамдары Бишкек менен байланышта болуп, учуп турган. Тыюу салуудан улам аталган шаарлар кыйын абалда калышкан.

Бул шаарлардын учуп-конуу тилкелери 30 тоннадан ашпаган киченекей самолетторго гана ылайыкташтырылган. Кыргызстандын учактарынын арасынан бул категорияга АН-24 үлгүсүндөгү учак туура келет болчу.

2011-жылы өкмөттүн токтому менен «жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу» үчүн советтик учактардын учуусуна тыюу салынган.

Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.

АН-24 учагы заманбап коопсуздук системалары менен биргеликте аба мейкиндигинде жана жерде болгон кагылышуудан кабар берүүчү атайын техникалык жабыдыктар менен камсыздалбаганы аталган токтомдо көрсөтүлгөн.

Өкмөттүн сунушунда: аба майдандары техникалык көрсөткүчтөрүн жана жер тилкелерин чоң учактарды кабыл алууга ылайыкташтыруу керектиги айтылган. Бирок, «Клооптун» маалыматы боюнча жабыр тарткан үч аба майданы тең реконструкция иштерин башташа элек.

Жалал-Абад аба майданынын директору Закир Мамасеитов «Клоопко» берген интервьюсунда, учуп конуу тилкелерин оңдоп түзөө иштери 2012-жылдын март айында баштааларын айткан.

«Биздин аба майданыбыздын учуп-конуу тилкеси үчүнчү класстагы самолетторго гана ылайыкташтаралган»,— дейт директор .

Үчүнчү класстагы самолеттордун учуудагы салмагы 10 тоннадан 30 тоннага чейин болот.

Салыштыра келсек, азыркы күндө эң белгилүү жана жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу шарта ташыган «Боинг-737» учагынын салмагы 50 тоннадан 83 тоннага чейин болот.

«Кыргызстан» авиакомпаниясынын басма сөз катчысы Зарина Бекмуратованын айтымында, азыркы кезде жабыр тарткан аба майдандарына ылайык келчүү кичинекей учактарды караштырып жатканы айкын болду.

«Каттамдар качан ачылаарын билбейм»,— дейт Зарина.

«Кыргызстан» авиакомпанисы ички авиа каттамдарга АН-24 үлгүсүндөгү учакты колдонуп келген.

Мындан сырткары «Авиа Трафик» жеке компаниясы АН үлгүсүндөгү учакты колоднчу.

Бишкек-Ош каттамдары үчүн «Кыргызстан» авиакомпаниясы америкалык «Боинг-737» жана советтик Ту-134 учактарын колдонот.

Ал эми «Авиа Трафиктин» жүргүнчүлөрү ыңгайлуу «Боинг» жана британиялык «Бритиш Авиэйшн» учактарында уча алышат.

Баткендиктер арызданышууда

Ан-24 учактарынын токтотулушу Кыргызстандын борбор шаарынан алыс жайгашкан Баткен областынын туругндарына терс таасирин тийгизди.

Лейлек районунун тургуну Кубатбек Айбашевдин айтымында, баткендиктер Бишкекке көпчүлүк учурда учак менен каташчу. Анткени, авто транспорт менен жетүү бир топ кыйынчылыктарды жаратат.

«Бишкек-Баткен» каттамынын токтотулушу бизге терс таасирин тийгизди»,— дейт ал.

Лондондо жашаган Кыргызстандын жараны гуманитардык илимдердин магистри Бакыт Азимканов, авиа каттамдардын токтотулушу өлкөнүн түндүк-түштүккө бөлүнүү маселесинин курчушуна алып келет деген ойдо.

«Баткен, Жалал-Абад жана Исфана шаарларына болгон авиа каттамдардын токтотулушу жарандык авиациянын эле эмес, социалдык көйгөй десем да болот. Бул борбордон алыстоого, изоляцига жана аймактар арасындагы катнаштын курчушуна алып келет»,дейт Азимканов.

«Ан-24 учагында учуп жүргөндөр колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенин билишет эле. Бирок, эскилерди жаңылар менен толуктоого ишенишкен, ошол эле учурда алардын шаарына карата каттамдардын болгонуна ыраазычылыгын билдирүшчү»,— деп кошумчалап кетти ал.

Жогоруда айтылган сөздөргө баардык жарандар макул эместиги билинди- Жалал-Абаддын тургуну Зарина жакында болуп өткөн Ту-134 учагынын кырсыка кабылганын эске алып, коопсуздугу үчүн Бишкекке баруу үчүн башка жол менен барууга даяр экенин билдирди.

«Колдонуу мөөнөтү бүткөн учактарды колдонбош керек»,-дейт Зарина

«Кырсык, кокустукка кабылгандан көрө, учак учпай эле койсун»,-деди ал.

Сүрөттө: 2010-жылдын ноябрь айындагы Ан-24 учагы Баткендеги аэропортто, сүрөттүн автору Бектур Искендер
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы