Бишкекте Джем-Сэйшн форматындагы концерт болуп өттү

«Цех» лофтунда чогулган музыканттар эч бир даярдыксыз эле бишкектиктерге концерт тартуулашты. Жандуу музыка жана учурдун өзүндө эле ырдап, күү чыгарып ойноо 250гө жакын бишкектиктердин көңүлүн өзүнө тартты.

Концерттин уюштуруучусу Айбек Баратовдун айтымында, Джем-Сэйшн форматындагы концерт жалаң гана импровизациянын алдында өткөрүлдү.

«Мурдатан даярдалган программа жок, музыканттар даярдыксыз келип эле адамдардын алдында ырдап башташты, ошондой эле өзүнчө компазиция ойлоп чыгаруу менен аны угуучуларга тартуулады. Бул кеченин өзгөчөлүгү жандуу музыканын ойнолушунда болду», —дейт уюштуруучу.

Опера ырчысы жана вокал боюнча мугалим Ольга Жижерина «Клоопко» берген интервьюсунда, Джем-Сэйшн форматындагы концертин болуусу Бишкектеги музыканттардын биригүүсүнө мүмкүнчүлүк берет деп айтып өттү.

«Биринчиден бул кечелер достуктун маанайын алып жүрүшөт, адамдарды биригүүгө чакырат. Баардыгы музыка үчүн келгиси келет. Албетте, мен бир гана өз алдынча болууну эмес, көбүнчө эстрада менен классиканы байланыштырууну жана анын негизинде искусствону өнүктүрүүнү каалайт элем», —деп Жижерина кошумчалап кетти.

Баратов «Клоопко» берген интервьюсунда, 2011-жылы Хэллоуин майрамын белгилеп жатканда Джем-Сэйшн форматындагы концертти өткөрүү идеясы оюна келгендигин кошумчалап өттү.

«Бир бөлмөгө гитара жана барабандары бар музыканттар чогулуп калышты, алар заматта эле музыка ойной башташты. Бул нерсе жакшы мүмкүнчүлүк деп ойлоп калдык. Мындай кече Лайв-Сэйшн форматы үчүн эң сонун эле. Биз концерттик жай кылууну каалаган жокпуз, биз үчүн драйв, кыймыл, бий керек эле», —дейт Баратов.

Анын айтымында, мындай кечелердин бат-баттан өтүшүнө бишкектиктер да кызыкдар.

«Чынын айтсам 50-60 көрүүчү гана келет деп ойлогонбуз, бирок 250дөн ашуун киши келди. Бул - адамдар жандуу жана саптатту музыка уккусу келгендигинен кабар берет», —дейт Баратов.

Уюштуруучулар, кийинки концертти 2012-жылдын жаз мезгилинде, март айларында өткөрүүнү пландаштырылып жаткандыгын кошумчалап кетишти.

Катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн көңүлүндө калган таасирлер

Концерттин катышуучусу Алена Гусева, өзүнүн катышуусуна жана музыкалык кеченин мыкты болуп өткөнүнө ыраазы экенини айтты.

«Маанай абдан жагымдуу болду. Сени түшүнгөн адамдарды жолуктуруу кандай жакшы», —дейт Гусева

Ал эми музыкант Муратбек уулу Айтегин, концерттеги техникалык жабдыктарга нааразы.

«Скрипкада ойноп жатып өзүмдү такыр уккан жокмун», —дейт катышуучу.

«Зэ Роллс» группасынын барабанчысы Катагун Жумагулов Айтегиндин пикирне кошулбастыгын билдирип, «биздин топто аппаратура менен эч бир кыйынчылыктар болгон жок» дейт.

Жаш артист, концертке көрүүчү болуп келген Ксения Стрельцованын оюнда, Кыргызстан азырынча Джем-Сэйшн форматындагы концерттерди өткөрүүгө даяр эмес.

«Биздин эл мындай форматтагы концерттерге көнгөн эмес, алардан эмне талап кылынаарын түшүнүшпөйт. Музыканттар бирдиктүү иштөө дегенди билишпейт, ошондуктан кече ийгиликтүү өттү дегенден алысмын», —дейт Стрельцова.

Джем-Сэйшн форматы

Джем-Сэйшн форматындагы концертке ар бир каалочу катышуучу боло алат.

Бир жерде эле заматта өз тобун түзүп, катышуучулар арасындагы музыкантпы же артистпи эркин жандуу ыр менен ырдап, эркин түрдө түптөлгөн формат Джем-Сэйшн форматы болуп эсептелинет.

Өздөрүнүн ырларын артистер кайталоосуз жана эч бир даярдыксыз чыгып ырдашат.

Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Оксана Капишникова