№1 — СИЗОдогу козголоң: Бийликтегилер жарадарлар бар экенин тастыктап, өлтүрүүлөрдүн болгонун четке кагууда

16-январда Бишкектеги №1-СИЗОдо камактагылардын козголоңу болуп өттү. Айрым маалыматар боюнча тинтүү болгондугу үчүн козголоң башталган, экинчи маалыматар боюнча криминалдык аталыктын башка СИЗОго которулушунан жаңжал чыккан. Алгачкы кабарлар боюнча каза болгон жети адам жөнүндөгү маалыматтар, жаза аткаруу кызматы жана акыйкатчынын аппараты тарабынан четке кагылган.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байгазиев «Клоопко» берген интервьюсунда, СИЗО кызматкерлери тинтүү жүргүзгөндүктөн козголоң башталгандыгын маалымдады.

ЖАКМнын версиясы боюнча, кайнак сууну төгүп жиберүүнүн жана уруп сабоонун кесепетинен СИЗОнун төрт кызматкери жаракат алган. Ошондой эле камактагылардын бирөөсү жарадар болгон.

Кантип жаракат алгандыгын ЖАКМнын жетекчиси тактаган жок.

Башка туткундардын козголоңдон кийин кан-тамырларын кесүү аракеттери жөнүндөгү маалыматты Байзаков аныктагысы келген жок.

«Кимде-ким кан-тамырын кескиси келсе- бул адамдын жеке укугу»,-дейт Байзаков.

Байзаков менен болгон интервьюну толук угуу:

[audio:http://kloop.kg/files/2012/01/2012-01-16_gsin2.mp3]

«Кылым шамы» борборунун укук коргоочусу Гульшайыр Абдирасулова камактагылар менен телефон аркылуу байланышып, кыйкырыктарды уккандыгын айтты.

«Ал жакта укмуштуудай кыйкырыктар болуп жаткан эле, мен эч нерсеге түшүнө албай койдум»,-дейт укук коргоочу.

Абдирасулованын маалыматтары боюнча, козголоңдун башталышынын себеби, жаза аткаруу кызматынын жана УККнын кызматкерлери СИЗОго эртең менен кирип келип «туткундарды сабап баштагандан» келип чыккан.

Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери жана айрым журналистер СИЗОдо болуп кайтышкан.

Акыйкатчынын аппаратынан Камалдин Жапаров, камактагылар кан-тамырларын кескендигин тастыктады, бирок туткундардын туугандары тараткан «каза болгон адамдар жөнүндөгү маалыматты четке какты.

«Кньюс» кабар агенттигинин сүрөт галлереясынан кан-жалаган, дене мүчөлөрү бинттелген камактагылардын сүрөтүн көрө аласыздар.

Козголоңдун себептери катары тинтүү иштери гана айтылбастан- «К-Ньюс» маалымат агентигинин кабары боюнча, криминалдык аталык Дамир Сапарбековдун башка СИЗОго которулушу да айтылып жатат.

Ушул эле маалыматты СИЗОнун жетекчиси акыйкатчы Турсунбек Акунга айткандыгын «Клоопко» берген интервьюсунда кабарлады.

"Мен алар менен чалып байланышканда-биз эки адамды Сапарбековду жана Баямановду №1-СИЗОдон №50-СИЗОго өткөрөлү деп жатканбыз. Эрте менен атайын аскердик бөлүмдүн жардамында текшерүү ишин жүргүздүк. Бирок алар текшерүүнү каалабай козголоң баштап, ур токмоко ала баштагандан кийин гана атайын бөлүмдүн кызматына кайрылдык деп айтты , СИЗОнун жетекчиси ",-деди Акун.

СИЗОнун имаратынын алдында митингге чыккан туткундардын туугандарын милиция кызматкерлери Октябрь РИИБне үч автобус менен алып кеткен.Азыр алардын документтери тешерилип жатат.

Митингчилерди камакка алуу себептерин милиция кызматкерлери азырынча түшүндүргөн жок.

Бир нече маалымат агенттиктердин кабарлары боюнча, ошондой эле «Кньюс» жана «Вечерний Бишкек» кабар агенттиктерини маалыматына таянсак, козголоң өрттүн башталышы менен коштолгон.

ӨКМнын өрт өчүрүү башкармалыгынын жетекчиси Замир Мусакожов «СИЗОдо өрт чыккан жок» деп билдирди.

«Матрацтар гана түтөп жатты»,-деп Мусакожоев «Клоопко» берген интервьюсунда айтып өттү.

Ошого карабастан СИЗОго өрт өчүргүчтөрдү киргизбей коюшкан, деп кошумчалап өттү ал.

Интервьюну толугу менен угуу:

[audio:http://kloop.kg/files/2012/01/2012-01-16_fire.mp3]

СИЗО курчоого алынгандан кийин имаратка журналисттер жана укук коргоочулардын кирүүсүнө уруксат берилген жок.

«Ал жерде жаман бир нерсе болуп жатат»,-дейт Абдирасулова.

СИЗОнун тегерегиндеги көчөлөрдүн 2-3 саатка жабылуусу, Бишкектин борборундагы тыгындардын пайда болуусуна  алып келген.

№1-СИЗОдо болуп жаткан козголоң тууралуу кабарыныз болсо төмөндөгү форма ду колдонуу менен комментарий калтырыңыз, же болбосо +996 779 896685 номери боюнча СМС жөнөтүнүз.

Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бектур Искендер

Сүрөт: Knews.kg, сайтынан колдонуу үчүн алдыны