Кыргызстан Шериктештик Кубогу-2012 оюнуна катышуучулардын тизмегин тактады (+турнирдин күн тартиби)

Кыргызстандын беш футбол тобунун арасынан  Сантк-Петербург шаарында өтө турган Шериктештик Кубогуна малекеттин атынан катышуу үчүн 20 футболчу тандалып алынды. Кыргызстан, Украина, Молдова жана Латвия курама командалары бир топто оюн алпарышат.

Кыргызстандын жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Мурат Жумакеев, Шериктештик Кубогу- 2012 оюнуна баруучу 20 футболчунун атын тактаган.

Быйылкы жылы турнирдин курамы өзгөртүлгөн —бул оюнда мурдагыдай Балтия жана КМШ өлкөлөрүнүн футболчулары эмес, жаштар курама командасы жана кошумча Иран өлкөсүнөн чакырылган жаш футболчулар катышат.

Турнирге 21 жашка чейинки футболчулар гана катыша алышат.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, өлкө ичиндеги 20 «мыкты» футболчулар курама командага кабыл алынган.

Жалпысынан турнирге 12 курама команда катышат. Кыргызстан -Украина, Латвия жана Молдова өлкөлөрү менен бир топто оюн алып барат.

ФИФАнын рейтинги боюнча жогоруда айтылган төрт курама команданын ичинен Кыргызстандын чоңдор курама командасы эң төмөнкү 191-орунду ээлеп келет. Ошол эле учурда — Украина 55-, Молдова 136-, Латвия 68-орундарда.

Латвия менен Кыргызстан биринчи оюнун 19-январда ойнойт.

Бирок, Асенов жыйынтыктар күтүүсүз болот деген үмүттө.

«Балким улуттук курама командаларыбыз КМШнын башка командалары менен тең тайлаша албастыр, бирок бул жаштар командасынын турнири, бул жерде күтүүсүздүк болот»,—дейт Асенов.

Курама команданын түзүмүн- жогорку лиганын чемпиону «Дордой», 3-орунда ээлеген «Абдыш-Ата» жана биринчи лиганын чемпиону «Дордой-2» командаларынын ойунчулары түзөт.

Мындан сырткары Кочкор-Аталык «Нефтичи» жана Бишкектик «Алга» командасынын эки оюнчусу кошулган.

Азыркы күндө жаштар курама командасы Ташкентте машыгууда. Өзбекстандын биринчи лигасы «Октепе» жана Ташкенттик «Локомотив» командалары менен эс алуу күндөрү эки оюн өткөрүшкөн. Эки оюнда тең Кыргызстандын командасы 3:2 упайы менен жеңишке ээ болго.

Турнирлердин күн тартиби:

[table id=1 /] [table id=2 /] [table id=3 /]

Кыргызстан курама командасынын тизмеси:
[table id=6 /]

Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бектур Искендер жана Улугбек Акишев