Ош облусунда көмүрдүн баасы эки сомго кымбаттады

Экономика жана антимонополиялык саясат министрлигинин Оштогу бөлүмүнүн маалыматында, Кара-Суу, Ноокат, Араван, Өзгөн райондорунда көмүрдүн баасы бир сомго чейин арзандаган. Сатуучулар бул маалыматты четке какты.

Экономика жана антимонополиялык саясат министрлигинин Ош Баткен облустук бөлүмүнүн жетекчиси Жанболот Айбашевдин айтымында, финансылык полиция менен биргеликте көмүрдүн кымбаттап кеткендигин аныктоо максатында райондордо рейд жүргүзүшкөн.

«Биринчи кезекте кыштын оордугу, жолдогу чыгашалары,[…] ал жерден [көмүр чыгаруучу жайдан] жүктөп бергенде ар түрдүү адамдар кызмат акысын көрсөткөндөрдүн эсебинен көмүрдүн баасы ушул Ошко келгиче эле эки сомдун тегерегинде кымбаттап кеткендигин аныктадык»,—деп түшүндүрдү Айбашев.

Ошондой эле Айбашев кошумчалап, "кара алтындын" кымбаттаганынын дагы бир себеби көмүргө муктаждыктын көбөйүсү.

Анын айтымында, азыр Ош облусту көмүр менен камсыз кылуучу негизинен бир гана Алай районундагы "Перити КОАЛ" ЖЧКсы болгондуктан, "кара алтын жетишсиз болууда".

Мунун баасы кымбаттагандан улам жогурудагы министрлиги көмүр сатуучулар менен аны арзандатуу боюнча түшүндүрүү иштеринен кийин, кара алтындын баасын Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жети сомдон бир сомго арзандатышканын кошумчалады.

«Араван районунда 80 тыйынга чейин арзандаттык. Себеби алар Алайдан түз эмес, Ош шаарынан алып кетишет экен»,— деди Айбашев.

"Эч кандай арзандаган жок"

Бирок ушул аймактардын көмүр сатуучулардын айтымында, көмүр арзандаган жок. Араван районундагы сатуучу Мамадали Кокоевдин сөзү боюнча, Алай районундагы шахтадан көмүрдү алып чыгуу кыйын болгондуктан самосвал менен алып чыгышат. Суукта кезек күтпөш үчүн самосвалдардын айдоочуларына да акча берүүгө туура келгендигин айтты. Ошондуктан көмүрдүн баасы кымбаттаган.

Айдоочулар кезек учурунда автоунаалардын күйүчү майы тоңуп калбаш үчүн, унааларын жүргүзүп тургандыктан мурункудан да чыгаша көбүрөөк болгондугун да белгилешти.

Өзгөн районунда көмүр саткан Чыныбек Кадырбаевдин айтымында, Алай көмүр чыгаруучу жай негизги болгондуктан баардыгы кезекте туруп, бир канча күндө кайра кайтышат.

«[…]Эки күн жатып кыйынчылык менен алып келип жатабыз. Анан эмне кыласын айла жок тиричилик экен да»,—деп кейиди сатуучу.

Араван районунун көмүр сатуучусу Нурлан Абдувалиев да Алай шахтасында төрт күндөн бери кезек күтүп, көмүрдү кыйынчылык менен алып жаткандыгын айтты.

«Көмүр 2 сом 60 тыйын жайында [Алай шахтасында] болуп жатат. [8,5—10 тонна ] 10 миӊге [сом] жүктөттүк. Төрт сутка жаттым мен. Майда көмүр чыгып жатат»,— деди Нурлан.

Сатып алуучулардын ою

Өзгөн районунун тургуну Жолдубай Абылов өз сөзүндө, көмүрдүн арзандаганын уккан, бирок дагы эле бир килограммы жети сомдон.

«Азыр акчама жараша аз гана алып жатам. Кымбаттыгына байланыштуу жайда да аз гана алган элем, ал түгөндү. Электроэнергия иштетейин десем, ал болбойт",—деп нааразы болду Абылов.

Ал эми Ноокат районунун тургуну Айдар Мамадалиевтин үй бүлөөсү эки жыл мурун алты тонна көмүр сатып алышкан. Ал азыркы күнгө чейин жетүүдө. Ошондуктан кара алтындын кымбаттаганына кыжалат болбойт.

"Тааныш жок андай нерселерге, мен такыр кызыкпайм",—деди Айдар.