«Башка дүйнө: Ойгонуу» тасмасы дүйнөлүк премьерадан бир күн мурун көрсөтүлөт

«Башка дүйнө: Ойгонуу» тасмасы «Кинопоиск» жана «IMDb» сайттарынын версиясы боюнча январь айындагы  чыдамсыздык менен күтүлүп жаткан тасмалардын бири.  Аталган кино «Синематика» кионтеатрлар түйүнүндө жана «Россия» кинотеатрында 19-январда, ал эми «Манас» кинотеатрында бир күн кийин көрсөтөтүлөт. 20-январдан тартып кино дүйнөлүк прокатта чыга баштайт.

«Башка дүйнө: Ойгонуу» тасмасы - бул сериядагы вампирлер жана кубулма кишилердин ортосундагы бетешүүнү баяндаган төртүнүчү кионтасма.

Бишкектин кинотеатрларында премьера эки башка күндө көрсөтүлөт. «Ала-Тоо», «Октябрь», «Космопарк», «Вефа» жана «Россия» кинотеатрларында 19-январда башталса, ал эми «Манас» кинотеатрында 20-январдан башталып көрсөтүлөт.

Кино тасма «Синематика» жана «Россия» кинотеатрында дүйнөлүк премьерага чейин бир күн эрте башталат. Ал эми 19-январдан тартып Орусиянын кинотеатрларында премьераны көрсөтүү башталат.

«Синематика» түйүнүнүн өкүлү, тасманын премьерасы бардык кинотетарларда бир күндө башталаарын билдирди.

«Манас» кинотеатрынын өкүлү, тасма мыкты деңгээлде тартылгандыктан, көрүүчүлөр арасында кызыгууну жаратып, жакшы ийгилик алып келет деген ишенимде.

Бардык кинотеатрларда кино эки жума көрсөтүлөт.

Мындан сырткары 19-январда Бишкектин кинотеатрларында «Нокаут», «Байкуш бай кыз» жана «Алгач сүйүү, анан той» аттуу кинотасмаларынын премьералары болу өтөт.

Фильмдин сюжети

Кинодогу башкы каарман Селин 15 жылдык комадан кийин, вампир жана кубулма кишинин гибриди болгон 14 жаштагы Нисса атту кызы бар экенин билет.

Сюжеттин жүрүшүндө Селин, вампирлерди жок кылуу максатында «BioCom» биотехнологиялык корпорациясы тарабынан даярдалып жаткан кубулма кишилердин жаңы түрү — суперликандардын жаралышына жолтоо болууга аракет жасашы керек.

Тасманын мурунку бөлүмдөрүндө да кылымдар бою созулуп келе жаткан вампирлер жана кубулма кишилердин беттешүүсү баяндалат.

«Кионопоиск» жана «Энциклопедия кино» сайттарынын маалыматы боюнча, бул тасма чыдамсыздык менен күтүлүп жаткан жана жылдын алдыңкы 100 кионолорунун тизмесине кирген.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Айжамал Мамбетова