"Мэйл.ру" Твиттердин аналогу болгон Футубра сервисин ишке киргизди

«Мэйл.рунун» микрблогдору үчүн «Футубра» сервисинин бета-версиясы 16-январда ишке киришти. Бул жаңы долбоор орус тилдүү Интернет мейкиндигинде америкалык «Твиттерге» атаандаштык жаратуу максатында жаралган.

«Футубранын» «Твиттерден» эң негизги айырмасы симолдордун 200гө чейин көбөйүшү, эскерте кетсек Твиттерде жазуу 140 символ менен чектелген.

Долбоор негизинен видео жана сүрөттөр сыяктуу мультимедиялык контентке басым жасаган. Бул колдонуучулардын жашоосун «кызыктуурак» кылат,- деген пикирде долбоордун жетекчиси Алексей Терехов.

Башка бирөөнүн видеосуна, жарыялаган жаңылыгына же сүрөтүнө кызыгууңуз артышы мүмкүн. Мындай функция «Твиттерде» жок, бирок дүйнөдөгү эң популярдуу коомдук тармак болуп эсептелген «Фэйсбукта» бар.

Сервистин кемчиликтери

«Футубра» долбоору тестирленип текшерүү негизинде гана иштеп жаткандыктан, алардын айрым кызматтары ишке кирише элек, мындайча айтканда иштебейт.

Тааныштарды табуу кызматын аткаруучу «издөө» функциясынын жок болгондугу  эң негизги маселе болууда. Мунун ордуна сервис колдонуучуларга  ар түрдүү  тааныштарды  сунуштап жаткан кез.

«Бул түйүн достор жөнүндө эмес, окшош кызыкчылыктар үчүн. Колдонуучуну баарлашуудан сууруп чыгып маалыматтык мейкиндике таштайт», — деп жазат долбоордун өкүлдөрүнүн сөздөрүнө шилтеме жасап «Вести» кабар агенттиги.

Сервистин дагы бир кемчилиги — колдонуучунун лакап аты сандар менен алмаштырылат.

«Программа лакап аттарды кабыл албайт, колдонуучу катар номерлердин жардамы менен катталат. Ошондуктан башка колдонуучунун баракчасына браузер аркылуу өтүү татаал»,— деп жзат «Вести».

Уюлдук версиясы

«Хабрахабр» сайтындагы «Футубранын» блогуна таянсак, алгач сервистин мобилдик версиясы иштелип чыккан.

Долбоордун жетекчилери мобилдүү интернеттин кескин түрдө өсүшүн эске алып, «негизги басымды» мобилдүүлккө коюшкан.

«Сервистин негизги идеясы «кыймылдоодо», баратып эле колдонуу — окууга, жумушка бара жатып кызыктуу бир нерсеге күбө болдуңузбу, сүрөткө тартып ал да, сервиске жүктөп кой. Дүкөндө сүйлөшкөн кызыңды күтүп жатып ээригип кеттиңби — «Футубраны» оку»,— деп жазылган сервистин блогунда.

РИА  "Новости" маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, бир күндүн  ичинде «Футубрага» 17 миң колдонуучу катталган.

«Клооптун» эсептөөсү боюнча «Мэйл.рунун» коомдук тармагы «Мой Мир» Кыргызстандагы эң белгилүү тармактардын бири  болуп келет. 2012-жылдын январь айына карта 1 миллиондон ашык аккаунт катталган.

«Футубрага» канча кыргызстандыктар катталгандыгы жөнүндө азырынча так маалыматтар жок.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бегимай Бекболотова жана Любовь Шевченко