Карыздарын төлөбөгөндүктөн «Ошэлектро» 10 миң абонентин жарыксыз калтырды

Ош жана Баткен областынын тургундарынын электроэнергияга болгон карызы 400 миллион сомдон ашкан. Карыздын негизги себебин «энергетиктер арасындагы коррупциянын» күч алышында деп эсептейт жергиликтүү эл. Энергетиктер мындай айыптоолорду четке кагышууда.

Тейлөө сапаты боюнча "Ошэлектронун» борбордук жетекчиси Данияр Сыдыковдун айтымында,  абоненттер өз убагында колдонулган электроэнергияга  төлөбөгөндүктөн, дебитордук карыздар пайда болгон.

Электроэнергия үчүн карызын беш күндүн ичинде төлөбөгөн абоненттердин свети өчүрүлөт.

«Ошэлектронун» маалыматында, Ош жана Баткен облустарынын тургундарынын электроэнергияга болгон карызы  435 миллион сомду түзөт.

2012-жылдын жаңырышынан тартып энергетиктер 10 миңден ашуун абоненттерди  карыздарын төлөнбөгөндүгү үчүн жарыксыз калтырган.

Ош жана Баткен облусунун электроэнергияга  болгон карызы үчүн 2010-жылы 113 миң абонент, ал эми 2011-жылы  130 миң абонент   жарыксыз калган.

«Контролерлор уурдайт»

Сатуучу Айнагул Бапышеванын айтымында, электрикалык түйүндөрдү жакшы түшүнгөн контролерлор «өздөрү алдашат».

«Мисалы, алар мага акыркы үч айдан бери эсеп-дүмүрчөктү алып келе элек. Мурдагы айда эч бир сумма жазылбаган дүмүрчөк келди. Бирок үйгө жеткиче, үч ай үчүн 995 сом деп жазып коюшуптур»,— деп айтып берди  Бапышева «Клоопко» берген интервьюсунда.

Жашыруун бойдон калууну каалаган Ош шаарынын дагы бир тургуну энергетиктер өздөрү  «көп уурдашат»,- деди.

«Алар акт түзүп жатканда, апыртып көп суммадагы акчаны жазып салышат»,— дейт ал.

Ош жергесинин дагы бир тургунунун ою боюнча, абоненттер өздөрү күнөөлүү, анткени карыздарын убагында төлөшпөйт. Айымдын айтымында, электриктер өз убагында эсеп-дүмүчөктү алып келип турушат.

Атын атагысы келбеген ашпозчу контролерлор «так иштеши» керек деп билдирет. Анын айтымында он  миңдеген сом карызы бар  абоненттер контролерлор менен сүйлөшүп алып, айына 100-200 сомдон шашпай төлөшөт.

«Электриктер берген акчаны алып  кете беришет, ошентип миллиондогон карыздар пайда болот»,— дейт ашпозчу.

«Ошэлектронун» өкүлү Данияр Сыдыков өзүнүн ведомствосуна  карата айтылган  айыптоолор боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

«Конкретүү фактыларды айткыла. Мен өзүм ошондой  контролерлорду табууга кызыктармын»,— дейт Сыдыков «Клоопко» берген интервьюсунда.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Александр Ким