Кыргыз журналисти Москвада өтчүү антифашистик маршка катышат

Орусиядагы эмгек мигранттарын өз укуктары үчүн күрөшүүгө чакырып кеткен «Азаттык» радиосунун Москвадагы кабарчысы Аида Касымалиева 19-январда өтө турган антифашисттик маршка катышат.

Бул маселе боюнча Касымалиева видео-ролик тартып, марштын уюштуруучулары тарабынан «Комитет 19- январь» видеосу «Ютуб» порталына жүктөлгөн.

Касымалиеванын огю боюнча Орусияда мигранттар улутчулдукка каршы протесттерге чыгууга убакыт келген.

«Укуктарыбыз жөнүндө айтууга убакыт келди, мигранттар бар, алар да адамдар, экинчи сорттогу кишилер эмес »,—дейт Москвада иммигрант статусунда жашаган Касымалиева.

«Элдер унчукпай койгондон кагылышуулар азайбайт, тескерисинче басымдар көбөйүп, адатынча биздин жарандар бычактан жаракат алып каза болушат, 15 сааттан иштеп, бурчтарда үнсүз кала беришет»,—дейт журналист өз кайрылуусунда.

Касымаливанын айтымында, Москвада жашаган 50 мигрант анын чакыруусун колдоп, маршка катышаарын айтышкан.

Мигранттардын үнү

Москвадагы тажик, өзбек жана кыргыз диаспоралары алардын атынан кайрылууну суранышкандыгын,Касымалиева, «Фэйсбуктагы» баракчасына жазган.

«Клооптун» кабарчысы «мындай кайрылуудан кийин коопсуздугуңуз үчүн коркпойсузбу» деген суроого «корком» деп билдирип:

«Күрөшпө жана унчукпай койгонго болбойт. Элдер унчукпай гана тим болбостон коркконунан өлүүгө даяр эместиги фашистер билишсин»,—деп кошумчалады.

«Мен атайын катуу чакырууларды таштап жатам, анткени элдин, бийликтин бул маселеге көңүлүн бургум келип жатат»,—дейт Касымалиева «Клоопко» берген интервьюсунда.

Маршта «бир нече миң» адамдын катышуусу күтүлүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, Москванын бийлиги марш өткөрүүгө уруксат берген.

Маркелова жана Бабурованын жылдыгы

Антифашисттик марш адвокат Станислав Маркелов жана Анастасия Бабурованын өлүмүнүн үч жылдыгына карата Москванын борборунда өтөт.

2009-жылдын 19-январында Пречистенко көчөсүндө белгисиз адам адвокаттарды атып кеткен. Кийинчерээк «Орус улуттчулдук кыймылынын» өкүлдөрү айыптуу деп табылган.

Укук коргоо органдарынын кыйноолорунан жабыр тартып келген Маркелов, Чечнянын жарандарын коргоп, мындан тышкары орусиялык белгилүү антифашисттерге юридикалык жардам көрсөтүп келген.

Марштын уюштуруучулары, Маркелов жана Бабурованы эскерүү менен бирге, расизм, улуттук жана диний кагылышууга, «коомдук жашоодо жана саясатта шовинизм жана ксенофобияны колдонууга» каршы чыгышат.

Касымалиевага карата реакция

Касымалиеванын маршка катышуусун «Фэйсбуктагы» достору жалпысынан позитивдүү кабыл алышты.

Бирок күмөн санаган колдонуучулар да жок эмес, мисалы колдонуучу Эльнура Акматалиева мигранттар «жумушка документсиз орношу эле жүрүшөт» ошондуктан кыргыз журналистинен «жасалма саясатчылардын оюнчугу» болуп калбастыгын суранат.

Мактагандар да бар:

«Аида, эрктүү айым экенсиниз, сиз менен сыймыктанабыз»,—деп жазган Фэйсбукта Tea Mate колдонуучусу.

Колдонуучулар арсында Касымаливага жан тарткандар да жок эмес. Бир эле учурда бир топ колдонуучулар «абайлаңыз» жана «жалгыз калбагыла» деп суранып өтүштү.

Касымалиева жактоочуларна, «улуттчулдар кол көтөрүп, өлтүрүп жатканда унчукпай тура албайбыз...» деп билдирет.

«Орусиялык улутчулдардын кол салууларынын негизги объекти Орто Азиядан чыккан мигранттар»,—дейт Касымалиева «Сова» аналитикалык борбордун маалыматтарын айтып.

«Сова» улутчулдуктун негизиндеги өлтүрүү жана кол салуулар боюнча мониторинг иштерин жүргүзөт. Алардын изилдөөсү боюнча улутчулдуктун айынан Орусияда 2011-жылы Орто Азиядан 10 адам каза болуп, 24ү жаракат алышкан.

19-январда Кыргызстанда Москвалыктар менен бирге антифашисттик акция өтүшү мүмкүн. «Фэйсбуктун» колдонуучусу Джошик Мурзахметов ушул күнү кыргызстандыктарды терезелеринде «антифашисттик жана тынчыктын символдору менен плакаттарды» илүүгө чакырды.

Макала жазылып жаткан учурда 81 колдонуучу макулдугун билидирген.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Автор: Бегимай Бекболотова