Нааразычылык акциясынын негизинде «Википедия» жана «Вордпресс» бир күнгө өчүрүлдү

Веб-сайттар интернет каракчылык менен күрөшүү боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышат. «Википедия» энциклопедиясынын англис тилдүү версиясы жана «Вордпресс» блог платформасы веб-сайттардын нааразычылык акциясына кошулушту.

«Википедия» — эң чоң интернет-энциклопедиясы болуп эсептелинет. Бул мыйзам долбоору күчүнө кирсе «ачык жана бекер Интернетке» зыянын тийгизиши мүмкүн.

Энциклопедиянын өзгөчөлөнгөн биринчи баракчасында кара түстөгү «Дүйнөнү бекер маалыматтсыз элестет» — деген сөз «Википедиянын» англис тилдүү версиясынын башкы баракчасында жазылып турат.

Нааразчылык акциясы АКШнын убактысы боюнча 18-январда, ал эми Кыргызстандыктар үчүн 18-январда эртең мененки саат 11ден башталып, бир күндөн кийин бүтөт.

Акцияга карабастан «Википедиянын» мобилдүү версиялары иштей берет, бир гана «Джава Скрипт» функциясы өчүрүлөт.

SOPA (Stop online Piracy Act — Онлайн-каракчылыкты токтотуу) мыйзам долбоору- америкалык укук коргоо органдарынын интернет мейкиндигиндеги каракчылык менен күрөшүүгө болгон аракеттеринин көбөйүшүнө алып келет.

Сынчылардын көпчүлүгү мыйзам долбоору ашыкча эле репрессивдүү деген пикирде, башкача айтканда каракчылык контенттин тескөө милдети сайттардын ээлерине жүктөлүп калат.

Ал эми тескөөгө макул болбогондор кылымышкер катары эсептелинет.

«Эркин жана ачык интернеттке зыян келтирген- SOPA — онлайн-каракчылык менен күрөшүүнүн реалдуу жана натыйжалуу жолдорун көрсөтпөгөн, жаман жазылган мыйзам долбоору», — деп эсептейт «Википедия»

«Эркин Интернет» үчүн күрөшүү

«Википедия» нааразылык акциясына катышуусун, АКШнын Конгресси кандай идеяларды ойлоп жаткандыгын калкка кабарлоо экендиги менен түшүндүрдү.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу токтотулганына карабастан, АКШнын Өкмөтү тарабынан бул мыйзам катуу сынга алынды. Нааразычылык акциясына катышып жаткан «Википедия» жана башка сайттар өз кадамдарынан кайткан жок.

«SOPA жана PIPA («Википедиянын» айтымында интернет эркиндигине коркунуч көрсөткөн дагы бир мыйзам) — бул мыйзамдар чоң көйгөйдүн индикаторлору. Көптөгөн өлкөлөрдө автордук укук үчүн күрөшүү жарандык эркиндиктен жогору коюлганына күбө болуп келебиз»,— деп жазат «Википедия» кайрылуу сөзүндө.

«Биз интернеттин эркин болуусун, ошону менен бирге баардык жерде жана баары үчүн ачык болуусун каалайбыз», — дейт энциклопедиянын жаратуучулары.

«Википедияга» «Вордпресс» блогдор платформасы да кошулуп, өзүнүн порталындагы бардык блогдорго кирүүгө тыяуу салды. Ал эми сайттын башкы баракчасында шилтемелердин ордуна кайталанып туруучу «Цензура» деген сөз кара фондо жазылып турат.

«Википедия» жана «Вордпресстен» тышкары нааразычылык акциясына «Реддит» жаңылыктар сайты жана «Боинг Боинг» белгилүү блогдор порталы катышып жатат.

Орус жана кыргыз тилиндеги версиялары менен биргеликте «Википедиянын» башка тилдердеги версиялары жеткиликтүү бойдон калды.

Интернеттеги «Гугл», «Фэйсбук» жана «Твиттер» сыяктуу лидерлер мыйзам долбоор менен күрөшүүнү колдоду. Бирок алардын бирөөсү да сайттарын өчүрүшкөн жок.

SOPA мыйзам долбоорунун жактоочуларынын бири австралиялык медиа-магнат Руперт Мёрдок «Ньюз Корпорейшндин» айтымында, бул мыйзам интернет-каракчылыктын негизинде иш алып барган веб-сайттар менен күрөшүүдө мыкты курал болмок.

Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Улугбек Акишев