СИЗОдогу козголоң: абактагылардын туугандарына карата кылмыш иши козголду

№1-тергөө абагында кармалып жаткан жакындарын колдоп, митингге чыккан үч адамга карата кылмыш иштери козголду. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аталган  үч адамга “Ээн баштык кылган” деген айып тагылууда. Укук коргоочулар айыптоолор себепсиз деп билдиришти.

ИИМ тергөө иштеринин ачылгандыгын өзүдүк маалымат баракчасында тастыктаган.

Милициянын маалыматы боюнча, абактагылардын туугандары митинг учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине таш ыргытышып,  тергөө изоляторунун имаратына кирүүгө аракет кылышкан.

16-январь күнү  СИЗО имаратында   абактын кызматкерлери менен камактагылардын ортосунда кагылышуу болгон. Анын натыйжасында  бир адам каза болду. Бирок милиция кызматкерери митингчилерди айдап салган.

ИИМ маалыматына ылайык,  тергөө абагындагы тополоң учурунда митингге чыккан 83 адам кармалган. Октябрь райондук сотунун чечими менен 51 адамга эскертүү берилген. 7 адамга айыппул салынып, 25 адамга административдик жаза тагылган.

СИЗОдогу козголоңдун себептери катары, жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү жүргүзгөн тинтүү иштери жана криминалдык аталык Дамир Сапарбековдун башка СИЗОго которулушу айтылып жатат.

Кылмыш иши укук бузуулар менен коштолууда

«Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын айтымында, туугандарына карата  ачылган тергөө иштери бир топ укук бузуулар менен коштолуп келет. Мисалы, бөлүштүрүү бөлмөсүндө күнөөлөнүп жаткандарды документтери жок жана граждандык кийимде келген Октябрь РИИБни кызматкерлери алып кеткен.

Анын ою боюнча, СИЗО алдында митингге чыккан туугандарынын нааразычылыктарынын  себеби бар:

«Абакта  эмне болуп жатканынын эч ким - СИЗОнун да, ЖАМКнын кызматкерлери да чыгып түшүндүрүп койгон жок. Ошондой эле  СИЗОдон түтүн чыгып, кыйкырыктар, жардам сурагандардын үнүн угулуп жатты»,—дейт Абдирасулова «Клоопко» берген интервьюсунда.

Укук коргоочунун айтуусунда, ЖАМКнын жетекчиси камактагылардын туугандары СИЗОго 3800 сом акчалай өлчөмүндө зыян келтиргендиги тууралуу арыз жазган. Ошонун негизинде  тергөө иши жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси (ЖАМК) Шейшенбек Байзаков тарабынан козголгон.

«Клооптун» кабарчылары бул маалымат боюнча мамлекеттик органдардан же  ЖАМКдан так маалымат ала алган жок.

16-январдагы СИЗОдого тинтүү иштери план боюнча жана мыйзамдуу болгон.  СИЗОнун кызматкерлерине кайнак суу чачуу менен  козголоңду  камакта отургандар баштаган,-деп айтып берген  Байзаков «Клоопко» берген интервьюсунда.

Абдирасулова менен бирге укук коргоочулар, тинтүү жүргүзгөн ИИМдин атайын аскердик түзүмү биринчилерден болуп күч колдонгон,-деп ишендиришүүдө.

«Мыйзамсыз кадамдар ИИМдин өкүлдөрү тарабынан башталып, кармалгандарга карата себепсиз  күч колдо башташкан»,—дейт укук коргоочу айым.

«Сапарбековдун башка жака которулушу козголоң менен байланыштуу эмес»

Криминалыдык аталык Сапарбековдун адвокаттары Есения Рамазанова жана Лилия Жолдошбек кызы №1 СИЗОдогу козголоң Сапарбековдун №50- СИЗОго которулуш менен байланыштуу эмес деп билдиришти.

Алардын айтымында Сапарбеков, башка СИЗОго которулууга каршылыгын билдирге эмес.

Сапарбековду 17-январда Талас облусунун Ысык-Ата районундагы №50 изоляторго которулгандыгын анын адвокатты журналистердин алдында  тастыктаган.

Адвокаттардын айтымында, аларга  Сапарбековду башка изаляторго которуу боюнча  кабар келген эмес.

СИЗОдогу кыйнап-кыстоолор

Адвокаттарынын айтымында СИЗОдогу козголоңдо Сапарбеков да жаракат алган, башына каттуу сокку жеп, дене жаракатарына кабылган. Сапарбековди Камчы Көлбаевдин криминалдык тобуну менен байланышы бар деп айыпташууда.

Бул маалыматтар боюнча адвокаттар, СИЗОдо камалган Руслан Дүшеевдин туугандары менен 18-январда өткөн пресс-конференцияда айтышкан.

Анын апасы Кализа кыйноо-кыстоолордун колдонулушуна арызданып, баласына карата  колдонулуп жаткан кыйноолорду айткан жана   уулунун  денесиндеги  издер тартылып алынган сүрөттөрдү көрсөткөн.

№1- СИЗОдогу камактагылардын туугандары, изолятордогу кыйноолор жана күч колдонуу фактыларын иликтөө боюнча атайын көз карандысыз комиссиянын түзүлүшүн жана ЖАМКдын жетекчиси Шейшенбек Байзаковго карата тергөө ишинин ачылышын талап кылышты. Ошону менен бирге  козголоңдо каза болгон адамдга карата медициналык экспертизанын жыйынтыгын чыгарууну өтүнүштү.

Байзаков кайрадан 16-январда ЖАМКдын жетекчиси болуп дайындалган. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында козголоңдун башталышына Байзаковдун дайындалышы да себеп болушу мүмкүн.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редакторы: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Аида Ишмухамедова жана Эльдос Казыбеков
Сүрөттүн автору: Гульшайыр Абдирасулова