Өзбек чек арачылары кыргызстандык жаранды мекенине кайтарып беришти

Баткен облусунун Чоң-Кара айылынын тургуну өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. Бир ай башка өлкөнүн карамагында турган кыргыз жараны мекенине кайтып келди.

УККнын чек ара кызматынын басма сөз катчылыгынын маалыматы боюнча, 2012-жылдын 13-январында Өзбекстандык жана Кыргызстандын чек арачылар ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин камакка алынган Кыргызстандын жараны  Топчубай Каримов  мекенине кайтарылган.

Чек арачылардын маалыматында, Каримов 2011-жылдын 10-декабрында кыргыз-өзбек чек арасындагы «темир торду уурдап» жаткан жерден өзбекстандыктар тарабынан кармалган.

Өзбекстандык тарап келтирилген чыгымды төлөп берген учурда гана камакка алынган жаранды кайтарып берээрин айткан.

Чек ара аскерлеринин айтымында, Каримовдун айылдаштары акча чогултуп келтирилген чыгымды толугу менен төлөп беришкен.

Баткен облусунун чек ара кызматынын жетекчиси Нурбек Турганбаевдин айтуусунда, өзбек чек арачыларына келтирген зыянды туугандары төлөп берген.

Жергиликтүү бийликтин башка версиялары

Баткен районунун акиминин орун басары Акмырза Тагаев, Каримов качып баратканда чек арачылар аны байкап калышкан деп билдирди.

Баткен районунун жетекчиси Сейитмурат Калыковдун айтуусунда, Каримов «чек арадан өтүп отун терип алайын деген».

Каримов жаракат алгандан кийин Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү ооруканага жаткырылгандыгын Калыков айтып берди.

Анын айтымында, айылдыктар чек арадан өтүү эрежелерин билбегендиктен бул окуя болгон.

«Чек аранын кайсы жеринен өтүш керек, кайсы жеринен өтпөш керектигин биздин айлыдын жаш тургундары билбейт »,─ дейт райондун жетекчиси.

«Клооптун» кабарчылары Каримов менен байланыша албады.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматында, 2010-жылы 63 окуя ал эми, 2011-жылы 54 окуя катталган.

Чек ара арасындагы бузуулар көпчүлүк учурда айыл тургундарынын эрежелерди билбегендигинен келип чыгат. Мындан сырткары чек араны бөлүү жана белгилөө иштеринин убагында бүтпөшү да эрежелерди бузууга алып келет,- дейт УККнын чек ара кызматынын басма сөз катчылыгы.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Которгон: Бермет Абдыкадырова