Москвадагы жүздөгөн мигранттар антифашистик маршка катышты

Антифашистик активисттер Орусиядагы эмгек иммигрантары менен биргеликте укук коргоочу Станисла Маркелов жана журналист Анастасия Бабурованы эскерүү үчүн Москванын көчөлөрүнө марш менен чыгышты. Маршка «Азаттык» радиосунун кыргызстандык кабарчысы Аида Касымалиева да катышты.

«Ридус» кабар агенттиги кабарлагандай, Москва убактысы боюнча 20:01де башталган маршта 700дөй адамды чогулган. Катышуучулардын айрымдары Маркелов жана Бабурованын сүрөттөрүн колуна кармап алышса, башкалары антифашистик лозунгдар менен плакаттарды көтөрүп жүрүшкөн.

«Мындай ызгаар суукта жарым саатан ашык туруу кыйын, бирок уюштуруучулар адамдар биримдикти жылуулукту сезгендей кылууга аракеттеништи»,— дейт Никитин бульварындагы митингчилердин бири .

РИА «Новости» кабар агентигинин билдирүүсүнө караганда, катышуучулардын арасында «Яблоко» партиясынын лидерлери Григорий Явлинский жана Сергей Митрохин, «Левый фронт» кыймылынын координатору Сергей Удальцов, «Солидарность» кыймылынын лидери Борис Немцов жана «Новая газета» басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов болгон.

Жүздөрүнө маска тагынган митингдин уюштуруучулары сахнадан сөз сүйлөп, катышуучуларды фашистер менен күрөшүүгө чакырды.

«Фашистер бийликке келүү үчүн бардык нерсеге даяр. Адамдар алардын сөздөрүн кунт коюп угушун каалайт. Алардын негизги сезимдери — бардык тирүү жандыктарды жек көрүү»,— дейт сүйлөп жаткандар.

Мындан сырткары митинг учурунда «Улуттчул митаамдарга уят!» жана «Унутпайбыз! Күрөшөбүз!» деген чакырыктар угулуп жатты.

Андан кийин Москвадагы «Азаттык» радиосунун Кыргызстандык кабарчысы Аида Касымалиева чыгып сөз сүйлөп, митингге келген мигранттарга ыраазычылыгын билдирди.

«Мындай окуя тарыхта биринчи жолу болуп жатат — бүгүн мигрантар биринчи жолу антифашистер менен бирге митингге чыгышты. Таджикстандын эмгек мигранттары жана кыргыз мигранттарынын биримдиги — кол салууларга, үнсүз булуң-бурчтарда өлүүгө даяр эмес. Эми алар өз укуктары үчүн күрөшүшөт. Бүгүн мага улам-улам телефон чалып жатышты, жүздөгөн мигранттар митингге келишти»,— деди Касымалиева.

Аида Касымалиеванын сөзүн угуу

[audio:http://kloop.kg/files/2012/01/2012-01-19_aida_kasymalieva_19jan1.mp3|titles=2012-01-19_aida_kasymalieva_19jan]

Эскерте кетсек, кыргызстандык айым мигранттарды өз укуктарын үчүн күрөшүүгө чакырып, видео-кайрылуу тарткан.

«Укуктарыбыз үчүн күрөшүүгө убакыт келди, мигранттар да адамдар. Экинчи сорттогу жандыктар эмеспиз!»,— деп билдирди кайрылуусунда Москвада иммигрант аты менен жашап жүргөн Касымалиева.

Маркелова жана Бабурованын өлүмүнүн жылдыгы

Антифашисттик марш адвокат Станислав Маркелов жана журналист Анастасия Бабурованын өлүмүнүн үч жылдыгына арналган.

2009-жылдын 19-январында белгисиз адам Пречистенка көчөсүндө аларды атып кеткен. Кийинчерээк «Орус улут биримдиги» улуттчулдар кыймылынынын мүчөлөрү айыптуу деп табылган.

Чечнянын жарандарын коргоочу катары белгилүү болгон Маркелов, укук коргоо органдарынын кыйноолорунан жабыр тартып келген. Мындан тышкары орусиялык белгилүү антифашисттерге юридикалык жардам көрсөтүп жүргөн.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы