КМШ боюнча ат үстүндөгү эң чоң эстелик Ош шаарында тургузулду


Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө Манастын эстелиги орнотулду. "Манас" монументалдык комплекси Ош шаарынын түндүк кире беришинде тургузулуп, КМШ өлкөлөрүнүн ат үстүндө тургузулган эстеликтеринин арасынан эң чоңу деп эсептелинет. Азыркы учурда комплекстин салтанатуу ачылышына даярдыктар көрүлүүдө.

Шаар мэринин басма сөз катчысынын айтуусунда, 2011-жылы «Ош шаарында улуттар аралык мамилени, ынтымактуулукту, достукту чыңдоо жылы» деп белгиленип, анын алкагында «монументалдык эстеликтерди» куруу иш-чарасы пландаштырылган. Бул иш-чаранын ичинде Манастын эстелигин Ош шаарына тургузуу демилгеси көтөрүлгөн.

«Эстеликтин бийиктиги жалпысынан 24 метр–анын ичинде «Манастын ат үстүндөгүсү» 10 метр, пайдубалы 11 метр, ал эми түбү үч метр. Монументалдык комплекстин жалпы суммасы 31 миллион сомду түзгөн жана кеткен каражат жергиликтүү бюджеттен каржыланган»–деп айтып берди мэрдин басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматова.

Ошондой эле «азыр анын айлана-чөйрөсүн ирээтке келтирип, айкелдин ачылышына даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жакынкы күндөрү эстелик бүтүп, ачылышы болуп калат»,–деп кошумчалап өттү Ажиматова.

Шаар мэринин, комплекстин архитектор-дизайнерлери жана скульпторлорунун катышуусунда эстеликти орнотуу иш-чарасы болуп өткөн.

Шаардын башкы архитектору Нурбек Баетовдун айтуусунда, Касымалиев көчөсүнө орнотулганынын себеби- аэропортко жакын, ошондой эле Шанхай Кызматташтык уюмунун (ШКУ) программасы боюнча ал жерге көп кабатуу үйлөрдүн курулушу каралган.

«Биринчиден ал жер тогуз жолдун тоому, экинчиден аба майданга жакын. Андан сырткары жаңы генплан боюнча ал жерге кичи райондор курулат жана көп кабаттуу үйлөр салынат»,-деди архитектор.

«Манас» монументалдык комплексинин авторлору жана башкы скульпторлору Равшан Маматкулов жана Руслан Нургазиев. Калгандары аткаруучу скульпторлор болуп саналат. Алар Кыргызстандын башка дубандарынан келишкен.

Башкы скульпторлордун бири Маматкулов эстеликти жасоо жумуштарына төрт ай кеткенин билдирди.

«Башкы авторлор Нургазиев жана мен (Маматкулов), ал эми калгандары жардамчы скульпторлор. Алар Кыргызстандын ар тарабынан келишкен. Манастын ат үстүндө турган айкелинин өзү эле 12 метрден-14 метрге чейин жетет. Ага 2 тоннадан ашык жез керектелген»,– деп айтып өттү Маматкулов.

Эстелик тууралуу анын авторлорунун бири, Манастын «айкөл» образын чагылдырууга аракет кылдык. Анын найзасы элдин тирөөчү экендигин билдирет. Манастын айбатын анын алдындагы жолборс туюнтат. Манастын ички кыймылын Аккула билдирип турат,-деп айтып өттү.

Манастын айкели Ош шаарына көрк берүү менен биргеликте келечек муунга сабак болуп калмакчы деп эсепейт шаардын курулуш жана архитектура боюнча биринчи вице-мэри Таалай Сабиров.

«КМШ боюнча ат үстүндөгү эстеликтердин арасында мындай айкел жок. Бир гана Монголиянын Улан–Батор шаарында Чыңгыз Ханга тургузулган эстелик 40 мертди түзөт. Биздин эстелик болсо жолдон тарта эсептей турган болсок 27-28 метрге жетип калат»–деди биринчи вице мэр.

«Манас–биздин тарыхыбыз. Бул эстелик биздин келечек муунга сабак болуп калмакчы. Шаарыбызга келген конокторго биздин көрсөтө турган таберигибиз. Шаарыбыздын көркүн ачкан эстеликтер болуп саналат»,–деп кошумчалады «Клоопко» берген маегинде Сабиров.

Белгилей кетчү жагдай, «монументалдык эстеликтерди» куруу иш-чарасынын алкагында Ош шаарынын батышынан кире беришинде тарыхыбызга чоң салым кошкон Барсбе баатырдын  эстелиги орнотулган. Ал эми чыгыш тарабынан кире беришинде «Кыргыз көчү» монументалдык комплекси менен биргеликте Фергана өрөөнүн белгилүү инсандарынын бири, Курманжандатка энебиздин өмүрлүк жары   Алымбек Датканын эстелиги тургузулган.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы