Шериктештик Кубогу-2012: Кыргызстан Латвиядан жеңилүү менен баштады

«Шериктештер Кубогу- 2012» оюнунда Кыргызстан жаштар курама командасы В тобунда Латвия оюнчулары менен бетешип 2:3 упайы менен утулуп калган. Кийинки оюн 21-январда болуп, Кыргызстандыктар Украина менен беттешет.

Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асановдун маалыматында, латвиялык оюнчулар мачтын алгачкы 20 мүнөтүндө биринчи гол киргизишкен.

Латвиянын футболчусу кол менен ойноп койгондуктан жаза алган, Мирлан Мурзаев пенальти менен гол киргизип упайды теңдөөгө жетишкен.

Оюндун 35- мүнөтүндө латыш оюнчусу штрафтык аянтка чабуулу жасаган учурда, дарбазачыбыз Руслан Амиров топко жетпей калат да, коргоочубуз Валерий Кичин өзүбүздүн дарбазабызга автогол киргизген.

Тыныгууга 10 мүнөт калганда Мурат Жумакеевдин оюнчулары «кыймылгы келип», бирок тилекке каршы гол киргизүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алышкан эмес.

Командалар Латвияга жолу берип, тыныгууга 2:1 упайы менен кетишкен.

Экинчи таймдын  84 -мүнөтүндө биринчи голду кыргызстандыктар киргизишти. Бирок эки мүнөттөн кийин латвиялыктар гол киргизген. Ошондой эле биздин курама командабыз 2:3 упайы менен жеңишти алдырып жиберишкен.

Шериктештик Кубогунун 21-январында болуп өтүүчү оюнунда Кыргызстан курама командасы Украинанын курама командасы менен беттешет.

Бүгүн кечинде «В» тобундагы Кыргызстандыктардын атаандаштары Украина курама командасы менен Молдова курама командасы беттешет. Канат Асеновдун айтымында, Кыргызстандын курама командасы анаандаштарынын оюнунун жүршүн байкоо үчүн барышат.

«Кыргызстандын үчүнчү орунду ээлеп, плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар»,—дейт Асенов.

Матч түшүнүксүз себептерден эки саатка алдыга жылдырылып, Москванын убактысы боюнча саат 12.00дө башталган.

"В" Группасы

[table id=8/]

 

 

Редактор: Айгул Гуламидин кызы

Которгон: Бермет Абдыкадырова

Автор: Улугбек Акишев