№ 5 -мектептин мугалимдери мурунку директорунун кайтып келишине нааразы

Бишкектеги №5 мектеп-гимназиянын мугалимдери мурунку директордун кайра кайтып дайындалышына каршы болушууда. Нааразычылыгын билдиришкен мугалимдер эки күндөн бери сабак өтүшпөй жатышат. Мектептин жетекчилиги иш тартибинин бузулуп жатканына арызданууда. Ал эми билим берүү министрлиги пикетчилерди жазалоону билдирди.

№5 гимназия мектебинин мугалимдери 20-январда мектептин имаратынын алдында пикетке чыгышты. Бул нааразычылык акциясы мурунку директор Эльнура Мусаеванын кайра директорлук кызматына келишине каршы уюштурулган.

Нааразычылыгын билдиришип мугалимдердин жарымы сабактарын өтпөй жатат. Бирок мектептин жетекчилиги сабак өтпөгөн мугалимдерди ордун башка мугалидер жана практиканттар алмаштырып жатканын билдирди. Ошондой эле окуучулар пикетке карабастан сабактарын калтыруусу мүмкүн эмес.

Кызматтына кыянаттык кылгандыгы үчүн билим берүү минстрлигинин буйругу менен 2010-жылы 9-сентябрда жумушунан бошотулган Элнура Мурзаева, Жогорку Соттун чечими менен 14- январда кайрадан мурунку кызматына келген.

Кыргыз тил жана адабият мугалими Эрлан Жумагазиев «Клоопко» берген интервьюсунда, «коррупциянын башталышына» жана мурунку директордун кайра келишине каршы чыгып жаткандыгын айтты.

«Мусаеванын мектепти талап-тоногонуна күбө болгонбуз. Ата-энелер жана мугалимдер көп жолу арызданышкан. Соттон кийин кайра келүүгө моралдык укугу жок болчу. Бир жыл гана иштегениме карабастан, өзүм да көргөнмүн, улуу муундун мугалимдеринен мыйзамсыз кадамдары, коррупция менен алектенгени жөнүндө укканбыз»,–дейт Жумагазиев.

Мектептин психологу Нуриза Болотбекова, жумушка орношкондон бери Мусаеванын бир топ «мыйзамсыз кадамдарына» күбө болгондугун айтты.

«Сот мурунку мыйзам бузууларын эске алган жок. Кечээ мектепке келгенден бери пикетке чыктык. Министрликке барсак Мусаеваны башка мектепке которобуз дешкен, бирок бүгүн министрликтин өкүлдөрү менен мектепке кирип келди»,–дейт Болотбекова.

Эгер Мусаеваны кызмат ордунан кетирбесе, Жогорку Кеңештин алдына барып митинг уюштурабыз,- деп кошумчалады психолог айым.

Окуу иштери боюнча завуч Назгул Абдраимова, соттун чечими «адилетсиз», 1700 окуучунун кызыкчылыгы бир адамга караганда «маанилүү ,-деген пикирин билдирип өттү.

Ошондой эле ал, гимназиянын жамааты Жогорку Соттун чечимине каршы чыгып жатканын кошумчалады.

Жетекчилик жана министерлик каршы

Мектептин дагы бир өкүлү Флора Шакирова «Клоопко» берген интервьюсунда, пикетчилер «жумуш тартибин бузуп жатышат» деп нааразычылыгын билдирди.

«Бардык жамаат пикетке чыккан жок. Мындай болушу да мүмкүн эмес. Бизде 130 мугалим иштейт, каршы чыгып жаткандар 30-40 эле мугалим. Аларды өзүнчө алып карасак, ар биринин директорго жеке таарынычы бар»,–дейт Шакирова.

Флора айымдын айтымында, сот бир жыл үч айга созулган. Бирок каржы махинацияларын жүргүзгөн,- деген айыптоолор тастыкталбагандыктан директор кайра ордуна келген.

Эльнура Мусаевадан комментарий алуу мүмкүн болбоду, анткени пикетчилер директорду мектепке киргизбей коюшкан.

Билим берүү жана илим министрлигин басма сөз катчысы Керез Жукеева «Клоопко» берген интервьюсунда, сабактарды үзгүлтүккө учуратуу боюнча акт түзүлүп, тартипти бузгандар жазаланат,- деп кабарлады.

Анын айтымында, Мусаева нааразычылык көрсөтүп сабактарды үзгүлтүккө учураткан.

«Директорду башка мектепке которуу маселеси каралып жатат, бирок чечим кабыл алына элек»,-деп Жукеева кошумчалады.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Автор: Медер Сманов жана Аида Ишмухамедова