Азербайджан Кыргызстанга нефти иштетүүчү завод курат

Президент Алмазбек Атамбаев менен Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясынын жетекчиси Ровнаг Абдуллаев Кыргызстанда нефть иштетүүчү завод куруу тууралуу макулдашышты. НИЗди ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү – 2013-жылдын акыркы айларына пландаштырлууда.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы курулган  НИЗ 2013-жылдын аягында ишке киришип, бир жылда 2 млн тоннага чейин нефти иштеп чыгарат.

Азырынча заводдун кайда курулаары жана долбоорго канча акча каражат кетээри белгисиз.

Мамлекет башчысы энергетика жана өнөр жай министри Аскар Шадиевге Кыргызстанда НИЗдин курулушуна толугу менен көмөктөшүүнү тапшырган. Анын айтымында, завод толугу  менен азербайжандык тараптын каржылоосунун астында курулат.

Атайын түзүлгөн жумушчу топтун комиссиясы  кийинчерээк «НИЗдин кайсы жерге курулушу керектигин аныктайт» деп кошумчалап кетти Шадиев.

Кыргызстандагы нефтинин негизги запастары Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында жайгашкан. Мындан сырткары Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарында изилдөө иштери жүрүп жатат.

Президенттин аппаратынын  пресс-релизине таянсак, Ровган Абдуллаев жакынкы күндө НИЗди куруу маселелерин изилөө үчүн атайын адистердин тобун Кыргызстанга жөнөтөөрү белгилеген.

Кыргызстандагы Азербайжан элчисинин кеңешчиси Ильгар Джаббаровдун айтымында, изилдөө тобу 2012-жылдын биринчи кварталында келет, бирок так күнү азырынча белгисиз.

Ошондой эле заводдун курулуш иштери менен АМНК өзү алектенээрин Жабаров кошумчалап кетти.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев «Клоопко» берген интервьюсунда, өлкөдөгү нефтинин запасы 500 миллион тоннаны түзөөрүн айтып өттү.

Нефтинин запасы боюнча биринчи үчилтикте төмөндөгү өлкөлөр турат. Алар: Сауд Аравиясы — 36 миллиард тонна, Канада өлкөсү — 28 миллиард тонна жана Иран мамлекетти— 19 миллиард тонна.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бегимай Бекболотова
Сүрөттө: Пакистандагы нефть иштеп чыгаруучу заводду «Атток».
Сүрөттүн автору: Flickr.com. cайтынын колдонуучусу ubs