Бишкек шаарынын клубунда болгон өрттөн жабыр тарткандар болгон жок [+ сүрөттөр]

«Бакарди» түнкү клубундагы өрт 22-январда түнкү саат 1:30да башталган. Клубдун жетекчилиги, атайын өртөө уюштурулган же электр зымынын ысып кетишинен келип чыккан деп айтууда. ИИМдин жетекчилиги, атайын өртөө уюштурулган, деген пикирди четке кагышты. Клубдун кардарлары жабыр таркан жок, өз убагында сыртка чыгарылган.

«Бакарди» клубунун пиар-менеджери фамилясын атагысы келбеген Евгений, «Клоопко» берген интервьюсунда чатыр жактагы «жарылуудан» кийин өрт башталганын айтып берди.

Евгенийдин айтымында, азыркы учурда өрт өчүрүүчүлөр өртүн себебин аныктоо үчүн иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Журналистер менен болгон маегинде, электр зымдарынын ысып кетишин же атайын өртөө болгондугун айтты.

«Клубдун жекечилиги бардык шаардык кызматтырды алдын ала кабарлап койгон. Өрт өчүүрүчүүлөрдөн тартып, милиция, тез жардамды да чакырган. Клубдун ичин түтүн каптап баштаганда гана кардарларды чыгаруу чечимин кабыл алынган»,— дейт клубдун кызматкери.

ИИМдин баштапкы маалыматтары боюнча, өрт -электр жабдыктарынын ысышынан келип чыккан. Милиция кызматкерлери атайын өртөө болгон деген пикирди четке какты.

Евгенийдин айтымында өрт өчүрүүчүлөрү чакыруу түшкөндөн кийин «бир саат 47 мүнөттөн кийин» келишкен. Алар келгиче өт чыгып, имартаттын чатыры күйө баштаган.

«Бакарди» клубунун жекечилиги өрт өчүрүүчүлөрдү сотко берүү ниете эместигин пиар-менеджер кошумчалап кетти.

«Биз болгон далилге гана таянып, өрт өчүрүүчүлөр чакыруудан кийин бир саат 47 мүнөттөн кийин келгенине басым жасагыбыз келип жатат»,— дейт Евгений.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн дежурдук бөлүмү машина сатт 3:40та, башкача айтканда, эки сааттан кийин чыкканын тастыктады. ӨКМнын кызматкери «Клоопко» берген интервьюсунда, өрт өчүрүүчү топтун кеч баргандыгынын себебин түшүндүргөн жок.

[KloopGallery Album="Бакарди"]

ӨКМнын дежурдук бөлүмү, клубдун коопсуздук кызматкерлерине жардам көрсөтүп жарым сааттан кийин кайтканын маалымдады.

«103» кызматынын маалымат боюнча, өрттөн жабыр таркандардан кайрылуулар болгон эмес.

Урматтуу окурмандар эгер өрт болгон учурда сиз «Бакарди» клубунда болгон болсоңуз, төмөндөгү форумду колдонуп комментарий калтырышыңыш мүмкүн. Эгерде сизде клубдун күйүп жаткан кездеги сүрөттөрү же видеосу бар болсо, сиздерден өтүнүч eldiyar@kloop.kg. дарегине жиберсеңиздер.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы