Оштогу айдоочулар автожолдордун тайгалактыгына нааразы

Айдоочулардын айтымында, шаардагы жолдор тайгалак болуп, туз жеткиликтүү чачылбай жатат. Бул боюнча жергиликтүү бийлик атайын туз чачуучу автоунаа алынып келүү планда бардыгын маалымдады.

Көпчүлүк кичи автобус айдооочуларынын айтымында, жумушчулар тузду автожолдордун бир тарабына гана кол менен себип чачышууда. Ошондуктан атайын туз чачуучу автоунаа зарылдыгын билдиришти.

«Туз себе турган машина керек. Кар жааган күндөрү иш жүрбөй жатат.Эртең менен ошол кар жаагандыгы үчүн чыга албай жатышат. Бизди дагы ойлош керек да, бул жүк ташуучу эмес да бул (резина) дөңгөлөк",—деп нааразы болду Хамид Абдуллаев.

Ал эми айдоочу Сабиржан Назировдун оюнда, тайгалактын кесепетинен кырсык көбөйүүдө.

«Ал машина [туз чачуучу автоунаа] болбосо тайгакта кандай кылабыз? Бири-бирин сүзүп жүрөт, башка болот . Ошон үчүн бизге керек. Тез тазаласа бизге оңой болот",—деди Назиров.

Дилмурат Хамид да кичи автобус айдоочусу. Анын билдирүүсүндө, жүргүнчүлөр кичи автобустардын аздыгына нааразы экендигин, айдоочулар болсо, жолго кырсыктан коркуп чыкпагандыгын кошумчалады.

«Суук түшкөндө машина чыкпайт. [...] Жол жаман болсо кандай чыгат? Беш сом табам деп 50 миңге түшүп калат»,— деп түшүндүрдү Дилмурат.

"Туз жеткиликтүү себилүүдө"

Мэриянын басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматованын маалыматында, туз чачуучу автоунаа сатып алуу үчүн 70 миң АКШ доллары керек. Ошондуктан ушул жылы мэрия демөөрчүлөрдү издөөдө.

«Ош шаарында музду ээритүү үчүн оперативдүү чачуучу техника жок . Ошого карабастан быйылкы жылда туздун запасы 52 тонна алынган . Эртеден баштап жети машина чыгат.Машиналарда 40ка жакын адам кол менен туз чачып кетет",—деп айтты Ажиматова.

Ал эми Ош шаардык жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Шаирбек Шакиров "Клоопко" берген интервьюсунда, кырсыктардын себеби айдоочулардын кышка даярданбай жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөндүгүн айтты.

"Дөңгөлөктөрүн алмаштырыш керек, кышка даярдык көрүш керек. Анын[тайгалактын] кесепетинен болсо биз айтат элек. Күндө иштеп жатышпайбы. Туз сээп жатат. Эрежени сактаса эч нерсе болбойт»,—деп айтты Шакиров.

Ушул эле жол көзөлмөлдөө бөлүмүнүн маалыматында, 2012-жылдан бери Оштун автожолдорунда "төрт авто унаа кырсык болуп, алардын ичинде жабыр тарткандар болгон жок".

Редактор: Айзат Шакиева