Шериктештик Кубогу: Кыргызстан чейрек финалына өтпөйт, бирок 9-орунга аракет жасайт

Кыргызстандын курама командасы Шериктештер Кубогунун группа ичиндеги үч матчта тең жеңилип калды. Алтын медал үчүн күрөшүүдөн четтетилген Кыргызстандын футболчулары, жаңы эрежелер боюнча башка утулуп калган командалар менен 9-орун үчүн күрөшөт.

Кыргызстандыктар 2:3 упайы менен Латвиянын командасына жеңишин алдырып жиберген. Ал эми 21-январда өткөн Украина менен беттешүүдө 0:4 упайы менен жеңилип калышкан. Группа ичиндеги акыркы беттешүүдө Молодванын курама командасынан 1:2 упайы менен жеңилип калды.

Украина менен болгон матчта оюндун жыйынтыгы башында эле белгилүү болгон, анткени төрт гол тең биринчи таймда киргизилген. Ал эми Молдова командасы менен беттешүүдө жыйынтык акыркы мүнөтөргө чейин белгисиз болду.

Биринчи тыныгууга чейин эки тарап тең гол киргизген жок, ал эми экинчи таймдын 69-мүнөтүндө Молованын оюнчусу Михаил Плэтике алгачкы голду киргизди.

Мурат Джумакеевдин оюнчулары 6 мүнөттөн кийин Каюмжан Шариповдун жардамы менен упайларды теңдештирди. Бирок 81-мүнөттөгү Ион Жардандын голу Кыргызстандыктардын чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө чекит койду.

Башка футбол турнирлерине салыштырмалуу, Шериктештер Кубогунда утулган командалар үчүн атайын көңүл көтөрүүчү раунд да  бар.

Группалар ичинде акыркы орун алган жана үчүнчү орунду ээлеген командалар 9-орун үчүн күрөшүшөт. 9-орун үчүн айлампа принциби менен оюн ойнолот, башкача айтканда ар бири бири-бири менен ойноп чыгышат.

Демек, Кыргызстандын курама командасы дагы үч матчты ойнойт. Азырынча бир гана атаандаштын аты белгилүү болду, бул — А тобунда акыркы орунда калган Эстониянын курама командасы.

С тобунун оюндары бүткөн соң, 23-январь күнү кечинде калган эки атаандаш командалар белгилүү болот.

Форматтын алмашуусу

Бул жылы шериктештер кубогу жаңы форматта өтүп жатат. Эгерде, мурун КМШ жана Балтия мамлекеттеринин чемпион-клубдары катышса, 2012-жылдан баштап мурунку СССРдин курамындагы дээрлик бардык өлкөлөрдүн жаштар курама командалары жана чакырылган Ирандын жаштар командасы катышат.

Оюндар Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы «Петербургский» спорткомплексинде өтүп жатат.

Грузияны кошкондо, бул жылкы турнирде үч кавказ командалары тең катышкан жок. 2008-жылкы Орусия менен болгон согуштан кийин КМШдан чыгып, Москвада же Санкт-Петербург шаарларында өткөн Шериктештер Кубогуна футболчуларын жибербей калган.

Мындан сырткары турнирге Өзбекстандын курама командасы да келген жок.

Ошентип, Шериктештер кубогунда үч топко бөлүнгөн 12 курама командалар катышууда.

Ар бир топтогу эки мыкты команда жана үчүнчү орунду алган эки команда чейрек финалга чыгат.

Орто Азия командаларынын ичинен казакстандыктар А тобунда экинчи орунду ээлешип, кийинки этапка чыгышты.

Плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн азырынча Түркменистан жана Тажикистанда сактап турууда. Тажикстан бүгүн кечинде Ирандын курама командасы менен беттешет.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы

Автор: Бектур Искендер
Сүрөттө: Кыргызстан-Молдова матчы, сүрөт турнирдин расмий сайтынан алынды.