Кыргызстан боюнча 133 орто мектеп катуу сууктан улам окуу жараянын токтотту

 

Катуу сууктан улам Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын айрым райондорунда кыска мөөнөткө мектептердеги окуу процесстери токтотулган. Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүндө, республиканын калган баардык аймактарында орто мектептер өздөрүнүн окуу жараяндарын кадимкидей улантышууда.

Сууктун айынан ББИМдин буйругу менен Чоң-Алай районунда 17 мектеп, Тогуз-Торо районунда 14 мектеп жана Суусамыр өрөөнүндө 4 мектеп, эң көп Нарын облусунда 98 мектеп убактылуу окуу жараяндарын токтотушкан.

«Учурда сууктун күч алышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы орто мектептер жабылууга дуушар болуп жатат. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Нарын облусунун , Ат-Башы, Ак-Талаа жана Жумгал, Нарын райондорунда, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мектептер абанын температурасы «–40ка» жеткендигине байланыштуу окуу жараяндарын токтотту»- деди ББИМ бама сөз катчысы Керез Жукеева.

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белековдун айтымында, окуучулардын алыс жактан келип окушкандыгына байланыштуу ата-энелерден жана мектеп жетекчилеринен кайрылуу келип түшкөн.

«Нарын району боюнча 35 мектеп бар. Өзгөчө башталгыч класстардын окуучулары үчүн мектепке барып келүүдө чоң кыйынчылыктар жаралууда. Кар калың түшкөн жактардагы мектептерде «–38 градуска» чейин суук түшүп, кардын калыңдыгы 50-60 смге чейин жетет»,–деп билдирди Клоопко берген интервьюсунда Белеков.

Ошондой эле, Ат-Башы районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дөөткулов Дүйшөнбек Клоопко берген маегинде, Ат-Башы районунда 21 орто мектеп бар. Балдары үчүн тынчсызданган ата-энелер «балдарыбызды жазгы каникулдун эсебинен окутсаңар болобу?» деп кайрылышкан. Биз аба-ырайынын сууктугуна байланыштуу ББИМдин орун басары менен сүйлөштүк. Мына азыркы тапта министрдин буйругу келди. Ошонун негизинде мектептерди жаптык»,–деп айтып берди.

Эскерте кетсек, өз кезегинде Билим берүү жана илим министрлиги, райондордон келген кайрылуу жана сунуш каттарды эске алып, аталган райондордогу орто мектептерде билим берүүнү убактылуу токтотуп турууга буйрук чыгарган.

«Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругуна ылайык Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун билим берүү бөлүмдөрүнүн кайрылуу жана сунуш каттарынын негизинде министрлик «катуу суук болуп кеткендиги үчүн, 23-январдан тарта орто мектептерди кыска мөөнөткө жабуу боюнча» буйрук чыгарды»,- деди Жукеева.

«Ал эми окулбай калган убакыт аралыктарын окуучулар жазгы жана жайкы каникулдун эсебинен окушат»,–деп кошумчалады басма сөз катчы.

«Жалпысынан Ак-Талаа районунда 18 орто мектеп бар. Бирок окуучулардын мектепке барып келүү маселеси оор болуп жатат. Айрым окуучулар 2 км аралыкты басып келишет. Азыр аба ырайы «–35 –38 градуска» чейин суук болуп жатат»,–деп айтты Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жумакадыр Буйлашов.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кадыралиевичке жогорудагы маселе боюнча телефон чалып, байланышкан учурда ал жеткиликсиз бойдон калды.

Башка аймактардагы мектептердин жабылуусу

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Турдубаева Гүлмира, «Чоң-Алай райондук администрация тарабынан ББИМге кат жолдошуп, алардын буйругу менен окуу процесси 21-январдан 1-февралга чейин токтотулду. Аба ырайынын көрсөткүчү «– 39 –43 градустун» тегерегинде болуп жаткандыгына байланыштуу, аталган райондо 17 жалпы билим берүүчү орто мектеп, бир спорт мектеби, бир балдардын чыгармачылык борбору жана 11 балдар бакчасы бүгүнкү күндө иштебей жатат»,–деп айтып берди.

«Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө алты-жети айыл бар. Алардын төртүндө сууктун катуу болушунан улам төрт орто мектеп жабылган. Болжол менен орто мектептин бардык окуучулары бир жумалык эс алууга таркатылган»,–деди Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча бөлүм башчысы Мамбетисаева Гүлнура.

Андан сырткары, эгер абанын температурасы дагы деле суук боло берсе, анда ББИМ менен сүйлөшүлүп, каникул мүмкүн мындан ары дагы узартыла тургандыгы тууралуу «Клоопко» берген интервьюсунда айтып өттү Мамбетисаева.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Садыков Семетейдин айтуусунда, «Катуу суук түшүп, аба температурасынын көрсөткүчү «– 35ке» жеткендигине жана мектепте окуучулар арасында сасык тумоонун жайылуусуна байланыштуу 14 мектеп, 23-январдан 1-февралга чейин жабылган».

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы метеорологиялык агенттиктин расмий сайтында берилгендей, 24-январь күнү жана 26-январдан 28- январга чейин Нарын облусунда мезгил мезгили менен кар жаап, аба ырайынын темпратурасынын төмөндөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында 26-27-январда мезги мезгили менен кар жаап, туман болушу күтүлүүдө.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы