Владимир Путин мигранттарды каттоо эрежелерине карата катуу талап койду

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин миграциондук нормаларды бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, массалык миграциянын күч алышы орусиялыктардын «кыжырын келтирет». Эскерте кетсек, 19-январда мигранттар өз укуктары үчүн күрөшүп антифашисттик маршка катышкан.

Президентке талапкер Владимир Путин «Независимая газета» басылмасындагы макаласында, Орусия көп улуттуу мамлекет болуш керек,- деп билдирет. Ошол эле учурда, орусиялыктарды массалык миграциянын күч алышы менен байланышкан «бир топ кыйынчылыктар кыжырын келтирет»,-деп кошумчалаган премьер.

Анын айтымында, мигранттарды каттоо эрежелерине катту талап коюш керек. «Агрессивдүү, адекваттуу эмес, сыйга турбаган жүрүм-турумга» каршы «каттуу жана мыйзамдуу» жооп керек,- деп эскертет Путин.

«Аймактардан башка маданий салтары жана тарыхы менен келишкендер, келгенге жараша жергиликтүү салттарды да сыйлай билиши керек»,—дейт орусиялык премьер.

Анын ою боюнча, миграциондук көйгөйлөрдүн баары 1991-жылы Советтер Союзунан таркатылышынын себебинен улам болууда.

«Союздун таркашы менен этникалык жарандык согуштун болуусуна аз калган. Бирок, чоң күч жумшоо менен, көптөгөн аракеттерден соң жаңжалдын булактарын токтотууга жетиштик»,—деп жазат саясатчы.

Эскерте кетсек, 19-январда антифашисттик активистер орусиядагы эмгек мигранттары менен биргеликте марш өткөрүшкөн. Маршка катышкан журналист Аида Касымаливанын айтымында, алар өз укуктары үчүн күрөшүүгө келишкен.

«Укуктарыбыз үчүн күрөшүүгө убакыт келди, мигранттар бар, алар дагы адамдар. Экинчи сорттогу адамдар эмес!»,—деп билдирет Москвада иммигрант статусунда жашаган Касымалиева өздүк видео-кайрылуусунда.

Премьердин бул макаласын болуп өткөн антифашисттик маршка эч тиешеси жок дейт журналист айым. Журналист, макала мурунтан эле даярдангандыр деген пикирде. Касымалиеванын айтымында, улуттук жана миграция маселелери шайлоо алдында дайыма көтөрүлөт.

«Аябай узун макала экен, окуп жатып конкретүү эч нерсе көрө алган жокмун. Бардыгына жагынууну каалаган, бирок бул эч жыйынтык бербейт, конкреттүү программа жана кадамдар керек»,—дейт журналист айым.

Сөзсүз түрдө керектелген орус тили

Федералдык миграция кызматынын директору Константин Ромондовский мурдагы жумада, 2013-жылдан баштап мигранттардын орус тили боюнча экзамен берүүсү боюнча сунушун киргизээрин жана бул боюнча алардын жетекчилиги баардык аракеттерди көрөөрүн билдирди,-деп жазган ИА «Интерфакс» маалымат булагы.

«Дизель» интернет-форумунун колдонуучулары мигранттардын орус тили боюнча экзамен берүүсүнө ар түрдүү пикирде. Кээ бирөөлөрү зордоп тил үйрөтүү «тура эмес» десе, экинчилери мигранттарды тил боюнча окутуу керек деп билдиришүүдө.

«Башка мамлекеттердин тажыйырбасынан байкасаныз — адамдар бирөөнүн көз карамагында эмес, өздөрү кошумча курстарга барышат. Мамлекеттин милдети — ошол тил курстарына баруу үчүн стимул бериш керек»,—дейт Intel_Pentium колдонуучусу.

«Бардыгы туура, анткени ооруканага төрөт алдында түшкөн айым ким жана кайдан экенин түшүндүрө албайт»,-деп билдирет форумдун колдонуучусу Dafina.

Урматтуу окурмандар! Сиздердин оюңуздар боюнча миграциондук нормаларды бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү керекпи? Ошондой эле, мигранттар үчүн орус тилинен экзамен берүүсү зарылбы? Эмнеге? Өз ой пикирлериңизди төмөндөгү форумду колдонуу менен калтырышыңыз мүмкүн. Сиздердин ой пикирлериңиз биз үчүн маанилүү.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы