Этникалык коогалаңда жабыр тарткандар электроэнергияга болгон карызын төлөөдөн баш тартууда

"Ошэлектронун" маалыматында, коогалаңда жабыр тарткан 1505 абоненттин беш ай ичиндеги карызы 6 миллион 700 миң сомго жеткен. Абоненттер карыздарын төлөөдөн баш тартууда.

2010-жылы кыргыздар жана өзбектердин ортосундагы болгон чырчатактан улам Ош шаарындагы 1505 кожолуктун үйлөрү өрттөнүп кеткен. "Ошэлектронун" маалыматында, жабыр тарткандар июль-август айлары чатырларда жарыгы жок жашап, сентябрдан баштап электроэнергиясы берилген. 2011-жылы февралда калыбына келтирилген бир бөлмөлүү үйлөргө
электроэнергия эсептегичи орнотулган.

Жабыркагандардын айтымында, "Ошэлектронун" текшерүүчүлөрү электр эсептегичи жок беш ай ичинде колдонулган электроэнергияга 6000 сомдон
10 000 миң сомго чейин эсеп-дүмүрчөктөрдү жазып берүүшүдө.

Өзүн тааныштыргысы келбеген жабырлануучу "Клоопко" берген интервьюсунда, өртөннүп кеткен үйүндө алты ай жашабагандыгын маалымдады. Ага карабастан электроэнергиянын дүмөрчөк кагазы 8000 сом деп келген.

«Ар кимге ар кандай жазып кете берген [текшерүүчүлөр]. Бул жакка мисалы 9000 жазса, наркыга 10 000, анан 8000 кылып жазып кете берген. Биздин андай карызыбыз жок эле. Биз ар дайым төлөйт элек",—деди ал.

Июнь окуясында жабырланган Базылла Пазиловдун айтуусунда, дүмүрчөктүн аягындагы карызга туум да кошулууда.

«Биз эми жаӊысына төлөп жатабыз [эсептегич койгондон баштап].Квитанциянын аягына 9000 [карыз] деп кошулуп келип жатат. Туум дагы кошулуп жатат. Эми иштебесек аны кандай төлөйбүз»,—деп кейиди Пазылов.

Насиба Апаханова жана Фарида Исманалиева 2011-жылдын февраль айына чейин туугандардын үйлөрүндө жашашкан. Дүмөрчөктө келген карызды аларга эч ким түшүндүрбөй жатат.

«[…]Бул үйдө эч ким жашаган эмес. Үй жок эле түп тамыры менен, дарбаза гана бар эле болгону. Биз февралдын акырында келдик. Келсек электр энергиясына деп акча келди. Ой, биз жакпадык го трансформатор дагы жок эле. Бизге 6500 сом жазыптыр»,—деп нааразы болду Исманалиева.


"Электроэнергиясын колдонушкан"

Ал эми "Ошэлектронун" сапаттык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун билдиргенине караганда, үйлөрүн кайра курабыз деген ойдо "жабыр тарткандардын баардыгы алачыктарда жашашкан".

Бул карыздар күнүнө орто эсеп менен 2 киловаттан ар бир үйгө эсептелген. 1100дөн ашык үйгө электроэнергия эсептегичи коюлган.

"Коогалаңдан эки ай өткөндөн кийин сентябрь айында биздин балдар көчөлөргө текшерүүгө чыгышкан. Ошондон баштап кайсы үйлөрдө адам бар болсо ошолор арыздарын беришкен. [электроэнергияны улаштыруу боюнча]. Анан аларга элекроэнергиясын бере баштаганбыз",—деп айтты Сыдыков.

Анын айтуусунда, жабыр тарткандардын карызын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы төлөөгө жардам бериш керек. Ал эми мамдирекциянын аппарат жетекчиси Туратбек Исмаиловдун билдирүүсүндө, бюджетте карызды төлөп берүү боюнча акча каралган эмес.

Эгер жабыр тарткандар карызын төлөбөсө, жарык өчүрүлөөрүн Садыков кошумчалап кетти. Бул боюнча "Ошэлектро" элдерге түшүндүрүү максатында былтыркы жылы пресс-конференция өткөзгөн.

Коогалаң Ош шаарынын электроэнергия системасына 30 миллиондон ашык чыгым жараткан.

Редактор: Айзат Шакиева