Премьер министр Өмүрбек Бабанов МАИнин коштоосунан баш тартты

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов шаар мэрлерине жана облустардын губернаторлоруна анын жолун жолдоп МАИнин коштоосу менен жүрүүдөн баш тартуусун сунуштады. Премьердин мындай кадамы интернет-колдонуучулары арасында ар кандай пикирлерди жаратты.

Өкмөттүн 24-январдагы отурумунда Бабанов Бишкектин негизги көчөлөрүн жаап жаткан МАИнин коштоосунан баш тартты.

«Шаардын жол кыймылына жана жарандарыбызга тоскоолдук кылбоо үчүн МАИнин коштоосунан баш тартым. МАИнин кызматкерлери өздөрүнө белгиленген милдетин аткарышы керек», — деп жазат«Кабар» маалымат агенттиги Бабановдун сөзүн .

Бабанов, Кыргызстандын жарандары үчүн МАИ коштоосуна төлөнүүчү бааны алып салып, чет мамлекеттик коноктор үчүн гана калтырыш керек,-деп эсептейт.

«Жеке ишкерлердин мындай кызматтан пайдалануусуна чекит коюш керек деп ойлойм. Кээ бир учурларда, жеке ишкерлер белгилүү бир акы үчүн МАИ коштоосунун кызматынан пайдаланышат»,— дейт министрлер кабинетинин жетекчиси.

Белгилүү «Дизель» интернет-форумунун колдонуучулары Өмүрбек Бабновдун мындай чечимин катуу талкууга алышты. Кээ бирилери премьердин демилгесин колдосо, экинчилери популисттик чечим деп билдиришүүдө.

«Маршрутканын айдоочусу, жол талашып кесип кеткен күнү, кайра эле жумушка кечигип жатам деп МАИнин коштосу менен жүрө баштайт»,— деп эсептейт gad лакап атындагы колдонуучусу.

«Азамат! Жыйынтык чыгабы чыкпайбы мага баары бир. Жок дегенде башка депутат жана чиновниктер анын жолун жолдошсун»,— деп жазат 10.10.10.аталыш менен форумдун колдонучуусу.

Урматтуу колдонуучулар силердин оюңар боюнча чиновниктер коштоо кызматынан баш тартыш керекпи? Эмнеге? Комментарийлериңизди төмөндөгү формага жазып калтыра аласыз.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы