Атай Өмүрзаков утушунан Кыргызстанга салык төлөөсүн туура эмес деп эсептейт

Кыргызстандын бийчи жигити Атай Өмүрзаков Чехиядан утуп келген 100 миң евро утушунан өлкө казнасына салык төлөөсү боюнча экономика министринин талабына нааразы. Ал эми талабын айткан экономика министри ошол күндүн эртеси өз оюнан кайткан.

23-январда кайсы бир парламенттик комиттеттин отрумунда Экономика жана антимонополдук саясат боюнча министри Темир Сариев, Атай Өмүрзаков жана Түркиядагы «Евразия Жылдызы» конкурсунун жеңүүчүсү ырчы Гүлжигит Калыков акчалай утуштарынын 10 пайызын салык катары төлөшү керек деп билдирген.

Эртеси Сариев жаш артистерибиз менен жолугушуу өткөрүп, бул мыйзамга өзгөртүүлөр иштелип жаткандыгын билдирип, «таланттуу артисттер» үчүн жеңилдетүүлөр болоорун айтып өткөн.

Сариев акыркы чечимин айта элеке чейин, Атай Өмүрзаков, Чехиядан утуп алган акчалай сыйлыгынан Кыргызстанга салык төлөө туура эместигин «Клоопко» берген интервьюсунда билдирген.

Бирок ал, мыйзамды сактап «талап кылынган нерсени» төлөөгө макул экенин билдирди.

«Эгер бул нерсе мыйзамда көрсөтүлсө, ар бир адам аны аткарыш керек»,— дейт Атай.

Бийчинин айтуусу боюнча, «Чехия жана Словакия таланттары» конкурсунан жеңген 100 миң евродон Чехия өлкөсүнө салык төлөгөн.

«Биз жеңип алган мамлекеттин казынасына ансыз деле талап кылынган сумманы төлөдүк. Мисалы, Чехияга акчалай утушумдан 20 пайыз салык төлөдүм, бирок азырга чейин утушум колго тие элек. Бул жакка дагы 10 пайыз төлөй турган болсом-менин оюмча бул абдан туура эмес»,— деп Өмүрзаков нааразы.

Ушундай салык саясаттарынан улам жаш таланттардын кызыгуусу арта калып, Кыргызстандан «башка жакка кеткиси келип калат»,- деди бийчи жигит.

«Талантарыбыздын чет мамлекеттерге барып келишине мамлекет тарабынан эч кандай жардам болбойт, салыкка келгенде очойто талап кылышат. Мындай салыктын маанисин таптакыр түшүнгөн жокмун»,— деп билдирет Атай.

Анын Чехияда тартылып алынган видеосу «Ютуб» порталындагы эң белгилүү видеолордун бири болуп, 120 миң көрүүчүнү өзүнө тарткан.

«Бул акчалар кайда кетет, такыр түшүнө албайм»,— деди Өмүрзаков.

Экинчи артист жигит, «Евразия Жылдызы» эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү Гүлжигит Калыков 24-январда журналисттерге берген интервьюсунда, Өмүрзаков сыяктуу эле 10%дык салык төлөөгө даяр экендигин айтты.

30 миң АКШ доллары болгон акчалай жеңишинен алынган салык Кыргызстандын маданияты жана жаш таланттарын колдоо үчүн керектелээрине үмүтөнөөрүн билдирди ырчи жигит.

Өмүрзаковдун интервьюсун толугу менен угуу:
[audio:http://kloop.kg/files/2012/01/omurzakov.mp4]

Интернет-коомчулуктун кабыл алуусу

Экономика жана антимнополдук саясат боюнча министринин орун басары Адылбек Касымалиев «Клооптун» кабарчыларына, эгер Кыргызстандын Түркия жана Чехия менен эки жактуу салык төлөбөө боюнча макулдашуусу бар болсо, анда Атай менен Гүлжигит Кыргызстанда салык төлөбөшү керек деп маалымдады.

«Эки жактуу салык төлөбөө боюнча бир топ мамлекеттер менен макулдашууларыбыз бар, эгер ал жакта салык төлөнсө, анда анын салыгы бул жакта төлөгөнгө барабар болуп эсептелинет»,— дейт Касымалиев.

Бирок Кыргызстандын Чехия жана Түркия менен мындай макулдашуусу бардыгын же жоктугун Касымалиев тастыктай албады.

«Клооптун» кабарчылары Кыргызстан жана Чехия ортосундагы эки жактуу келишим тууралуу макулдашууну таба алышпады, бирок «Токтом» юридикалык документтер базасынан Түркия менен бул сыяктуу макулдашуу бар экендигин аныкташты. Демек, Гүлжигит Калыков жеңип алган утушунан акчалай салыкты ошол өлкөнүн казынасына гана төлөйт.

Кыргызстандын интернет-колдонуучулары артистердин салык төлөө боюнча талаштарынан улам эки тарапка бөлүнүп калышты.

Интернет колдонуучуларынын бири, Калыков жана Өмүрзаков утушунан керектелүүчү сумманы мамлекеттин казынасына салык катары төлөп, башкаларга үлгү болуп коюшу керек деп билдирет.

«Мыйзам деген мыйзам. Киреше кайдан кантип түшкөнүнө карабастан салык төлөнүш керек».— дейт «Дизель» форумунун колдонуучусу zamirrr.

Photo.kg колдонуучусу, мыйзам боюнча Сариев туура, бирок моралдык жактан мындай туура эмес деп билдирет.

«Балдар мамлекеттен эч нерсе алган эмес, өз күчү менен ийгиликке жетишишти... Атайга мурунку президентибиз тарабынан бериле турган батир да берилген жок... демек...»,— деп жазат дагы бир колдонуучу.

Arthur_bx колдонуучусу, Атай менен Гүлжигитке акчалай утуштарын Чехия менен Түркияда коротуп салганбыз,-деп айтуусун сунуштады.

«Эгер адам киреше салыгын ошол уткан мамлекетте төлөсө, акчанын баарын да коротуп салгам десе болот. Кыргызстанага бул нерсенин эч кандай тиешеси жок. Талантарыбызга утушун берген орган биздин салык мекемелерибиздин алдында жооптуу эмес, КНС сыяктуу салыктарды да төлөөгө мажбур эмес»

Урматтуу окурмандар, сиздер кандай ойлойсуздар, артистер утуп алган акчалай сыйлыктарынан мамлекеттке салык төлөөсү керекпи же жокпу? Эмне үчүн? Өз ой-пикирлериңизди төмөнкү форумду колдонуу менен калтыра аласыз.

Сүрөттө: Атай Өмүрзаков Чехиядагы утушу жөнүндө угуп жаткан кез
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы