Кыргызстан тарыхынын жаңы 10 томдугу жарык көрөт


Илимдер академиясынын илимпоз философтору “Кыргызстандын жана кыргыз элинин тарыхы” тууралуу 10 томдукту басып чыгарууга даярданып жатышат. Алардын айтуусунда, он томдук алгач кыргыз тилинде, андан кийин кыскартылган негизде орус тилинде басылып чыгат.

Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурас бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Жумалиевдин айтымында, илимдер академиясы «Кыргызстандын жана кыргыз элинин тарыхы» деген аталыштагы 10 томдук китептин басылышына даярдык көрүүнү башташкан.

Азырынча кыргыз тилинде 6 миң нуска китеп басып чыгаруу пландаштырылып жатат, ал эми орус тилиндеги варианты кыскартылган негизде кечирээк басылып чыгат.

«Эгер кыргыз тилинде басып чыгарсак, аны орус тилине которобуз. Орус тилинде үч томдук же беш томдук болуп чыгышы мүмкүн. Алардын баары кийинки этапта болот»,—деди Жумалиев.

Анын айтымында 10 томдукта кыргыздардын байыркы заманынан тартып азыркы күнүнө чейинки учуру, ошондой эле кыргыз этносунун жана Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышынын тарыхы жазылат. Ал эми тарых китебинин бир тому белгилүү тарыхый инсандарга арналат.

Тарыхый илимдеринин кандидаты Людмила Ставскаянын оюнда, «бул басылма өтө маанилүү».

Анын айтымында, кыргыз тарыхы боюнча алгачкы басылма 25 жыл мурун чыгарылган. Ал басылмада авторлор Кыргызстан жана кыргыз элинин тарыхын 5 томдо жазышкан, бирок төртөө гана басылып чыккан.

«Окуу китептеринен тышкары, Кыргызстандын тарыхы боюнча китептерибиз жокко эсе»,—дейт Ставская.

Жуманалиевдин айтуусунда, китеп жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жазылып, китепканаларга, жогорку окуу жайларына жанан мектептерге таратылат. Тарыхчынын айтымында, китептин электрондук варианты да «сөзсүз түрдө даярдалышы керек».

«Китептин электрондук вариантын жасоого даярбыз, себеби биздин эмгегибиз текке кетпейт, колдонуучулар, окурмандар көбөйөт»,—дейт Жуманалиев.

Тарых жана маданий мурас кафедрасынын жетекчиси Акылбек Жуманалиевдин айтуусу боюнча, 10 томдукту жазууда негизги булак катары илимпоздордун археологиялык жана тарыхый изилдөө иштери колдонулат.

Академик Аскар Чукутаевдин айтымында, тарыхчылардын мурунку эмгектеринде «объективдүүлүк жок», ал эми 10 томдук жаңы басылманын негизги максаты -тарыхты «илимий негизде, максималдуу түрдө объективдүү» жазуу болуп саналат.

Тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова кесиптешинин айткандары менен макул болуп, 10 томдук үчүн материалдар даяр экендигин билдирди. Кыргызстандын башка тарыхчылары да бул маалыматты тастыктаган.

Тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев, алты миң нуска басып чыгаруу үчүн 10 миллион сом керектелээрин жана авторлор азыркы кезде мамлекет тарабынан каржылоону күтүп жатышканын айтып өтт.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы

Авторлор: Оксана Капишникова жана Бермет Иманалиева