Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Шериктештик кубогунда Түркмөнстан командасын утту

Кыргызстандын курама командасы Шериктештик Кубогунда Түркменистан командасын 3:1 упайы менен жеңип, оюндун башын жакшы жылыштар менен баштады. Бул оюнда «Алганын» футболчусу Турсуналы Рустамов хет-трик кылып, башкача айтканда үч голду тең бир өзү киргизгенге жетишкен.

Өзүнүн биринчи голун Рустамов оюндун 25-мүнөтүндө киргизген.

Тыныгууга аз калганда «Алганын» жарым коргоочусу кыргызстандыктардын артыкчылыгын көрсөтүү менен экинчи голду киргизди, ал эми үчүнчү голду оюндун акыркы 90-мүнөтүндө киргизүүгө жетишти.

Түркменстандын эки футболчусу четтетилгенден  кийин тогузоо ойноп жаткан. Арбитр тарабынан берилген кошумча убакытта «Балкан» клубунун Мекан Сапаров аттуу оюнчусу гол киргизүүгө жетишти.

Бул Кыргызстандын турнирдеги алгачкы жеңиши.

Курама команданын башкы машыктыруучусу Мурат Жумакеев матчттан кийинки пресс-конференцияда, түркменистандыктар футбол талаасында «аз кыймылдап» бизге жеңишке жетүүгө жардам берди деп кабарлап өттү.

Ошого карабастан Жумакеев өз командасына сын сөздөрүн да кошумчалап кетти:

«Чабуулчуларыбыз азркыга чейин жок. Рустамов голду кантип киргизиш керек экенин көрсөттү, бирок ал деген жарым-коргоочу да!»,—деди башкы машыктыруучу.

Түркменистандык машыктыруучу Байрамдурды Дурдыев, командасы «жакшы ойной албаганын» моюнга алды.

«Мурдагы матчттарда күчүтүн баарын жумшап салдык»,—дейт машыктыруучу. Эскерте кетсек, группа ичиндеги оюндарда Түркменистан Орусия менен бетешкен.

Кыргызстан жана Түркменстан плей-оффко өтө алышкан жок, бирок 9-орун үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн алышкан. Алар менен бирге Эстония жана Тажикстандын курама командалары да беттешет.

Жогорудагы төрт курама команда лиганын схемасы боюнча, бири-бири менен ойноп чыгышат.

Ушуну менен Кыргызстандын курама командасы 26-январда Тажикстан менен, ал эми 28-январда Эстония менен бетешет.

Кыргызстандын атаандаштары өз ара оюндарында бири дагы гол киргизе алган эмес. Жумакеевдин командасы 9-орунга күрөшүүдө биринчилерден болуп келе жатат.

Плей-оффко чыккан сегиз команда 25-январда боло турган чейрек финалга өтүшкөн.

Орто Азиялык командалар арасында Казакстандын гана курама командасы чейрек финалаг өттүп, Белорусия менен беттешет.

Сүрөт: Турнирдин расмий сайтынан алынды
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бектур Искендер