Мэр жана губернаторлор МАИнин коштоосунан баш тарууга даяр

Облустун губернаторлору жана шаар мэрлери премьер министр Бабановдун жолун жолдоп милициянын коштоосунан баш тарууга даяр. Сынчылар премьердин кадамдарын «популисттик» деп айтышууда.

«Областын жетекчилери МАИнин коштоосунан баш тартууга даярбы?» деген суроонун үстүндө, «Клооптун» кабарчылары сурамжылоо жүрүгүзүшкөн. Көпчүлүк жетекчилер Бабановдун сунушун колдоп, коштоосуз жүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Бишкек шаарынын мэринин басма сөз катчысы Эдита Айыпова, Иса Өмүркулов ансыз деле МАИчилердин коштосу жок эле жүрөт, ага анын кереги деле жок деп билдирди.

Каракол жана Талас шаарынын мэри менен Нарын облусунун губернаторунун пикирлери дал келип, МАИнин коштоосу «ашыкча эле чыгымдарга» алып келет деп билдиршет. Алардын айтымында, мамлекеттин биринчи жүздөрү гана МАИнин коштоосу менен жүрүшү керек.

Ушундай эле пикирди Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабиров да билдирген. Анын оюнда, губернатор жана мэрлер кортеж менен «жүрбөшү керек».

«МАИнин коштоосу менен өлкөнүн биринчи жүздөрү — президент, төрага, премьер-министр гана жүрүшү керек»,—дейт Сабиров.

Баткен шаарынын мэри Сельдакамат Эрматов «Клоопко» берген интервьюсунда, коштоо менен жүрүүгө каршы экендигин айтты. Анын оюнда, мэр «элге жакын» болушу керек.

«Эл менен бир жолдордо жүрүшүбүз керек. Баткенде күнү-түнү жөө жүрүүгө да даярмын. Бул биздин эл, мен алар менен иштешем, алардын жаркын келечеги үчүн иштеп жатам»,—деп айтты мэр.

Жалал-Абад облусунун губернаторунун жардамчысы, облустук администрациянын жетекчиси «жөнөкөй адам», МАИчилердин коштоосу жок эле жүрөт,-деп кошумчалап өттү.

«Элдерге тоскоолдук кылып, алардын кыжырын келтирип эмне кылмак эле. Кызматына жаңы киришкенден тартып эле коштоо менен жүрүүдөн баш таркан»,— дейт губернатордун жардамчысы.

Белгилүү «Дизель» интернет-форумунун колдонуучулары Бабановдун мындай чечимин катуу талкууга алышты. Кээ бирөөлөрү премьердин демилгесин колдосо, экинчилери популисттик чечим дешүүдө.

« Бир күнү маршрутканын айдоочу жол талашып кесип кетет, анан кайра эле жумушка кечигип жатам деп кортеж менен жүрө баштайт»,— деп билдирет gad лакап атындагы колдонуучусу.

Дагы бир колдонуучу girl_kz, «андан көрө экономика көтөрүп, энергетика маселелерин чечпейби. Ал эми, арзан популисттик чечимдер менен эч кимди тойгузуп, ысыта албайсың»,— деп жазат.

Эскерте кетсек өкмөттүн 24-январдагы отурумунда Бабанов Бишкектин негизги көчөлөрүн жаап жаткан МАИнин коштоосунан баш тарткан.

«Шаардын жол кыймылына жана жарандарыбызга тоскоолдук кылбайын деп коштоодон баш тартканмын. МАИ кызматкерлери аларга белгиленген кызматтын аткарышы керек» — деп жазган Бабановдун сөзүн «Кабар» маалымат агенттиги.

Урматтуу колдонуучулар силердин ойңар боюнча чиновниктер коштоо кызматынан баш тартыш керекпи? Эмнеге? Комментарийлеринизди төмөндөгү формага жазып калтыра аласыз.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы