«Сүйө бил» кинотасмасы өзүн демотиваторлор аркылуу жарнамалоодо

Кыргызстандык «Сүйө бил» кинотасмасы өзүн коомдук тармактар аркылуу жарнамалап жатат. Кинотасманын жаратуучулары жеке блогуна сүрөттөрдү жайгаштырып, демотиваторлорду ойлоп табууну сунуштап жатышат.

Кинотасманын продюссери Каарманбек Кулуев «Клооптун» кабарчысына, коомдук тармактар аркылуу жарнамалоо  иши радио жана телевидениеден мурун башталганын айтып берди.

«Коомдук тармактардын колдонуучулары да контенттин калыптанышына чоң салым кошо алышат. Интертен колдонуучулары кинонун сюжетин жана өзгөчө кадрларын билип алуусу үчүн демотиваторлорду жаратык»,— дейт Кулуев.

Анын айытымында, интернет аркылуу жарнамалоо мурунтан эле башталган. Телевидение, радио-гезит аркылуу жарнамалоо кинотасманын премьерасы жакындаганда болот,- деп билдирет продюсер.

Тасманын премьерасы 14-февралга пландаштарылганына карабастан «Фэйсбук» коомдук тармагындагы баракчасында 241 колдонуучу бул тасманы «жактырууга» жетишкен.

Кинотасманын премьерасын Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарында бир убакта көрсөтүү пландаштырылууда. Продюсердин айтымында кинону тартуу үчүн 15 миң АКШ доллары коротулган.

«Биз бул тасманы Ош, Жалал- Абад шаарларында бир учурда коёлу деп жатабыз, бирок азырынча бул маселе толугу менен чечиле элек. Биздин тасманы аталган шаарларда көрсөтүлүүсүн каалайт элек»,-деди Кулиев.

Тасманын сюжетти

Продюсердин айтымында «Сүйө бил» кинотасмасы алгачкы боевик жанрындагы кино. Сюжет боюнча эркектерден көңүлү калган үч кыз, аларды сабап өч алуунун чечишет.

Режиссер Адилет Акматовдун айтымында, эң татаал эпизод жаан алдындагы көшөгөнү тартуу болгон.

«Биз күзүндө таркандыктан аба ырайы да суук эле. Жаан алдында балдар менен мушташуу кыздарга оор болду. Биз биринчи жолу жаанды тартык — жаан жасалма эле. Кыздар үчүн өтө татаал болду, алар бул нерсеге даяр эмес болчу»,— дейт Акматов.

Кинотасманын жаратуусу сценарийди үч жыл мурун жаза баштаган, ошол учурда эле ким кайсы ролду аткараарын билген. Анын айтуусуна караганда, актрисалардын баары, ойлоп табылган образдарга төп келет.

Тасманын башкы каарманы Айжан Байджиева «Клооптун» кабарчылары менен, киного тартылуу учурундагы кыйынчылыктары жөнүндө ой бөлүштү. Анын айтусунда, жаан алдындагы мушташуу актриса үчүн оңой болгон жок.

«Аябагандай суук болду. Үшүгөнүбүздү билдирбестен баары бир киного тартылышыбыз керек эле»,— дейт Байджиева.

Актрисанын айтымында, кинонун сюжети кыз менен баланын ортосундагы тирешүү эмес, башкы каармандын оор турмуштук абалга кабылышы жөнүндө болгон.

«Менин каарманымдын жети эже-сиңдиси болот. Атасы алардын апасын «эмнеге эркеке төрөбөйсүң» деп кыздарынын көзүнчө канжалата сабачу »,— деп айтып берди Айжан.

Урматтуу колдонуучулар коомдук тармактар аркылуу жарнамалоо канчалык деңгээлде эффективдүү? Жарнамалоонун башка кайсы жолдорун колдонот элеңиз? Төмөндөгү форманы колдонуп комментарийлерди калтыра аласыз.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы