Сөз эркиндигинин индекси боюнча Кыргызстан 108-орунда

«Чексиз кабарчылар» басма-сөз эркиндиги уюмунун индексинде Кыргызстан элүүдөн ашуун орунга көтөрүлүүгө жетишкен. 179 мамлекеттин арасынан азыр кезде 108-орунду ээлеп келет. Кыргызстандан башка пост советтик өлкөлөрдүн арасынан Молдова, Балтика жана Армения өлкөлөрүндө басма-сөз эркиндиги байкалат.

2002-жылдан бери «Чексиз кабарчылар» уюму тарабынан өткөрүлүп жаткан рейтингдин жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч Кыргызстандын кескин түрдө жогорулашы болуп саналат.

2010-жылдын октябрь айында чыгарылган рейтингдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 159-орунду ээлеп, 60 упайга ээ болгон.

Кыргызстан бир жылдын ичинде мынчалык жогорку деңгээлге көтөрүлгөн эмес.
Канчалык аз упай болсо ошончолук жогорку позицияда жайгаштырылат, быйыл Кыргызстан 40 упайга ээ болду.

2009-жылкы индексте да Кыргызстан 40 упайдын ээси болгон.

2002-жылы 98-орунду ээлеген Кыргызстан үчүн бул орун эң жогорку орун бойдон калып келет. Бирок 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө эң аз упай алган. Башкача айтканда 27 упайга ээ болгон.

2011-жылы биринчи орунду экиге бөлүп алган Финляндия жана Норвегия -10 упайга ээ болушкан.

Индекстеги негизги тандоо критерийлеринин бири болуп, бул-журналисттерге кол салуулар, басма-сөздөргө болгон басым көрсөтүү учурлары саналат.

Кыргызстандын рейтингде жогорку орундарга көтөрүлгүнүнө карабастан, эскертүүлөр да айтылууда.

«Сөз эркиндиги боюнча маселе Кыргызстанда дагы деле назик бойдон калууда. Журналисттерге мезгил-мезгил менен кол салуулар, парламент тарабынан кээде репрессивдик кадамдар болуп турат»,-деп жазат француз уюму.

Кандай «репрессивдик кадамдар» экенин «Чексиз кабарчылар» уюму тактаган эмес. Бирок, «Клооптун» кабарчылары 2011-жылы «Фергана.ру» веб-сайты депутаттар тарабынан жабылып салынганын эске алышып, күмөндөшүүдө.

Советтик өлкөлөр арасында Кыргызстандан жогорку орундарда Балтика өлкөлөрү (Эстония 3-орунда, Литва 30-орунда, Латвия 50-орунда), ошондой эле 53-орунду алган Молдова жана 77-орунда Армения турат.

Орто Азия боюнча Кыргызстан алдыга озуп чыкты — Тажикстан 122-орунду ээлеп, «Чексиз кабарчылардын» баамында, радикалдык исламизм жана жарандык согуш темаларын колдонуу менен ММКларга басым жасоосу байкалат.

Казакстан да 162-орундан 156-орунга көтөрүлдү, бирок уюмдун айтымында башка мамлекеттердин кескин төмөндөп кетишинен гана Казакстан жогорку орунга көтөрүлө алган.

«Чындыгында келгенде, стабилдүүлүк жомогун көрсөтүү үчүн казакстандык бийлик өкүлдөрү бир нече көз карандысыз журналисттерди куугунтуктап, Интернетти толук контролго алууга аракеттенип жатышат»,— деп билдирет «Чексиз кабарчылар» уюму.

Өзбекстан жана Түркменстан акыркы 157 жана 177-орундардан эч жылбай келет. Рейтингдин авторлору боюнча бул эки мамлекетте сөз эркиндиги маселеси боюнча акыркы жылдары эч бир жылыш болгон эмес.

«Чексиз кабарчылардын» индекси сөз эркиндиги боюнча талкууга алынган эки индекстин бири Америкалык «Фридом Хаус» уюмунун рейтинги менен тең тайлашып келет.

Ал 14 медиа-уюмдун жана ар кайсы мамлекеттердеги жүздөгөн медиа-серепчилердин сурамжылоосунун негизинде иш алып барат.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бектур Искендер