Антиплагиат программасы илимий иштердин жасалмалуулугуна бөгөт коёт

Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан жаңы антиплагиат программасы кабыл алынды. Илимий жетекчилердин билдирүүсүндө 2012-жылдан тартып жакталган баардык илимий иштер бул программа аркылуу текшерүүдөн өтөт.

Кыргызстанда бир жыл аралыгында болжол менен 50-60 докторлук иш, 200гө жакын кандидаттык иштер жакталып турат. Антиплагиат программасынын кабыл алынышы менен илимий иш жактоочулардын билим сапатынын жогорулашы күтүлөт. Бул программа илимий иштердин жасалмалуулугуна бөгөт коёт.

Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары Турсунбек Бекболотовдун айтуусунда, азыркы учурда илимий ишти жазууда диссертанттар өзү жаздыбы же бирөөнүкүн көчүрүп алдыбы муну аныктоо өтө кыйын.

«Биз антиплагиат деген программа кабыл алдык. Бул программа интернеттеги баардык маалымат булактарын текшерип чыгат. Текшерүү учурунда диссертанттын илимий иши менен башка илимий иш дал келип калса, кайсы булактан жана канча бет көчүрүп алынганы бизге маалымкат түрүндө басылып чыгат»,-деп билдирди Бекболотов.

Биз бул программаны тестирлеп жаткан учурубуз. Бул программаны жогорку окуу жайлар да колдонсо жакшы жыйынтык берет. Себеби окуу жайларда курстук иш, дипломдук иш жана магистирдик иштер жазылат. Ошонун баарын текшерип ким кайдан көчүрүп, жазып алганын билип турса болот,- деп Бекболотов кошумчалап кетти.

Ош шаардык ооруканасынын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Муратов Абдужалил да Турсунбек Бекболотовдун айкандарын колдоду.

«Себеби бирөөнүкүн көчүрүп өзүнө ыйгарып алуу деген болбойт. Бул жерде чыныгы илимий окумуштуунун жаңылыктарын ачууга багытталган. Бул программаны биздин окумуштуулардын баардыгы колдойт. Ошону менен бирге кабыл алынышы окумуштуулар үчүн, мамлекетибиз үчүн, баардыгыбыз үчүн жакшы болот деген ойдомун»,-деп билдирди Муратов.

Биз бул программаны жогорку атесстация комиссиясындагы илимий иштерди анализдөөдө пайдалана баштадык. Жыйынтыктарын чыгаруу үчүн белгилүү бир диссертацияларды өткөрүү керек. Биз ошол методиканын үстүндө иштеп жатабыз,-деди Бекболотов.

Улуттук илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор - Үсөн Асановдун ою боюнча, антиплагиаттык программаны баардык багытта колдонсо болот.

Антиплагиат болгондон кийин плагиаттарды жоготууга багытталган өзүнүн планы, жобосу болсо керек. Бул программаны жакшы максатты көздөп киргизишти деп ойлойм. Себеби бул термин белгилүү бир нерсеге каршы жана ошону жоготуу дегенди түшүндүрөт,-деп билдирди Асанов.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин статс-секратары- Шадыканов Калысбекдин көз карашы боюнча, бир гана антиплагиат менен чектелип калбастан, серепчилердин да кароосуна коюлуш керек.

«Бул антиплагиаттык программанын кабыл алынышы биринчиден туура.Экинчиден бул программа боюнча кечигип жатабыз. Илимий иш жазууда докторлукбу же кандидаттык болобу бул багытты караган атайын эксперттер бар. Ошол эксперттер илимий иштерди көңүл буруп карай турган болсо антиплагиаттык программанын кереги деле жок. Ошондуктан бир гана компьютердик программа менен чектелип калбастан серепчилердин кароосуна дагы коюш керек. Бир электен өткөрбөй эки үч электен өткөрүү керек. Ошондо илимий иштер сапаттуу болот деген ойдомун,-деп билдирди Шадыканов.

Көз карандысыз саясат таануучу- Токтогул Какчекеевдин билдирүүсүндө, антиплагиат программасы -өзгөчө илимий иштерди, чыгармаларды, интелектуалдык менчикти коргоочу болуп саналат.

«Кыргызстанда көп болсо илимпоздордун 10 пайызы гана таза эмгек жактагандар. Биздин тармакта 60-70 пайыз плагиат бар. Мамлекеттик жетекчилер коомдук ишмерлерди, окумуштууларды чакырып алышып, жаздыртып, даяр нерсени окуп салышат. Чын чынына келгенде ошол жерде иштеп аткандар баарын чакыртып, алардан кеңеш алып жазып алганы баары плагиат болуп саналат. Жогорку Кеңештин айрымдарын карасаң плагиатты колдонуу аркылуу юрист, илимдин доктору болуп чыга келишет, - деп билдирди Какчекеев.

«Ар- Намыс» саясий партиясынын депутаты Каныбек Осмоналиевдин оюу боюнча антиплагиат программасы кандайдыр бир адамдардын, окумуштуулардын үстүнөн жазага тартуучу механизм болуп калбашы керек.

«Мен физика илимдери боюнча кандидаттык диссертациямды союз убагында, ал эми докторлук диссертациямды 1999-жылы жактаганмын. Ал убакта талап күчтүү болчу. Мен илимий иштеримди жактаган мезгилде эч кандай плагиат колдонгон эмесмин »,-деп билдирди Осмоналиев.

Студенттердин ой пикири

Кыргыз Улуттук университетинин 5-курсунун бүтүрүүчүсү Саадамкулов Саматтын билдирүүсүндө керектүү китептердин жетишсиздигинен улам интернеттеги даяр материалдарды колдонууга туура келет.

«Мен инженер технологмун. Бирок, бизге керектүү китептин жоктугунан интернеттен алабыз. Китеп жок болгондон кийин бизде керектүү маалымат да жок болот. Айла жоктон интернетти колдонууга туура келет. Эгер бул программа чындыгында иштесе жакшы болмок»,-деп айтып кетти.

Атын атагысы келбеген магистранттын билдирүүсүндө, Кыргызстанда илимий чөйрө өнүгө элек.

«Антиплагиат киргизгени жакшы, бирок азырынча бул- натыйжасын бербеши мүмүкүн. Себеби илимий чөйрө калыптана элек. Баары кайрадан эле көчүрүүнү уланта берет»,-деди ал.

Кыргыз Улуттук университетинин дагы бир бүтүрүүчүсү Токоналиева Ширинайдын айтуусунда, сабака келишпей эле 10-15миңге дипломдук иш сатып алышып, жактагандар көп.

«Бул ишти тактап жоюшса болмок. Бул тема талкуланып келет, бирок студенттер баары бир колдоно беришет»,-деди ал.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы