Басма-сөз: Кыргызстандагы абактарда айыпталуучулар нааразычылыктарын билдирип ооздорун тигип алышкан

Абактардагы күч алган нааразычылык акциялары эл аралык басылмалардын көңүлүн өзүнө бурду. Бир топ белгилүү басылмалар менен биргеликте Би-би-си жана «Франс пресс» сыяктуу белгилүү басылмалар бул темада макалаларды жазып чыгышкан.

«Кыргызстандагы абактарда айыпталуучулар нааразычылыктарын билдирип ооздорун тигип алышкан» деген аталыштагы репортажын Британиялык Би-би-си корпорациясы 25-январда жарыялаган.

Би-би-си маалымат кызматы жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАМК) билдирүүсүнө шилтеме жасап, абактарда жана СИЗОлордо камалган миңдеген айыпталуучулар укук коргоо органдарынын орой-одоно мамилесине нааразычылыктарын билдирип ооздорун тигип алышкандыгын кабарлайт.

«Баардыгынан эң көп борбордо жайгашкан №1-СИЗОдогу кармалуучулар ооздорун тигип алышкан. Эскерте кетсек жакынкы күндөрдө аталган СИЗОдо чоң козголоң болуп өткөн. Камактагылардын айтымына караганда, козголоң күч колдонууларга каршы болгон жана ал спецназдардын жардамында токтотулган. Ошондой эле болуп өткөн ачкачылык акциясы жөн гана билдирүү эместигин далилдөө негизинде камактагылар ооздорун тигип алышкан»,-деп жазат макаласында Би-би-синин кабарчысы Айзатбек Бешов.

Би-би-синин кабарчысы, №1- СИЗОдогу камакка алынган бир адамдан интервью алган, анын айтымында баары өз каалоосу менен ооздорун тигип алышкан.

«Аскерлер кирип келип бизди сабоого укугу жок эле. Эч кандай басым болгон жок, адамдар бири-бирин колдоп, өздөрү эле ооздорун тигип алууну чечишкен. Камактагы жашоо шарттар — бул экинчи маселе, биздин жашап кетишибизге туугандарыбыз жардам берип жатат»,—деп жазат Би-би-си маалымат кызматы атын атагысы келбеген туткундун сөздөрүн.

Камактагы шарттар

Орусиялык «Лента.ру» 25-январда «Тигип алышты. Кыргызстандын абактарында революциондук абал байкалууда» деген аталыштагы таңдандырган макаласын жарыялаган.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү камактагылардын «козголоңдоруна көнүшү кыйын»,- деп жазат Лента.ру.

«2005-жылкы абактагы козголоң учурунда ЖАМКтын жетекчиси жана парламенттин депутаты өлтүрүлүп, ал эми ЖАМКтын жаңы жетекчиси жарадар болгон. 2008-жылдагы бактагы козголоң төрт адамдын өлүмүнө алып келген»,—деп жазат орус басмасы.

«Лентанын» версиясы боюнча, нааразычылык акциясынын себеби камактагы жашоо шарттарынын ыңгайсыздыгы болгон.

ЖАМКтын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун отставкага кетишин талап кылып митингге чыккан камактагылардын туугандарынын сөздөрүн Би-би-си шилтеме катары жазган — алардын айтымында, камактагыларды «мезгил-мезгил менен» сабашат, туугандары берген тамак-аштарды кабыл алышпайт, алар ачка калышат.

«Регнум» кабар агенттиги өзүнүн макаласында ЖАМКтын жетекчисинин орун басарларынын жумуштан кетишине басым жасаган.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө шилтеме жасап «Регнум» кабар агенттиги, чоңдордун кыскарышынын себебин «кайрадан түзүү» болуп саналат деп кабарлайт.

ЖАМКтын кызматкерлеринин №1-СИЗОдогу тинтүү иштериндеги «туура эмес аракеттеринен» улам абактагы жагдай күч алып кеткен,-деп жазат маалымат агенттиги ЖАМКтын мурунку жетекчиси Эрнст Исаевдин сөзүн.

Абактагы нааразычылык акциясын криминалдык лидерлер тарабынан көзөмөлдөнүп келет деген пикирлер бар. №1 - СИЗОдогу криминалдык аталыктын башка абакка которулушу алардын көңүлүнө жакпай калгандыктан нааразычылык акциясы жаралган,-деп жазат Франциялык «Франс Пресс» кабар агенттиги өз макаласында Кыргызстандын ич ара болуп жаткан абалын мисал келтирип.

«Бишкектин кайсы бир абагында бир криминалдык аталык экинчисин өлтүргөндөн тартып, бийлик менен камактагылардын ортосунда тирешүү башталган »,—деп жазат «Франс Пресс».

«Абактын жетекчилиги криминалдык аталыкты шарттары жаман болгон башка түрмөгө которуп салуу менен жазалаган. Мындан сырткары тинтүү иштерин жүргүзүп, камактагылардан уюлдук телефондорун, акча жана баңги заттарын алып салышкан»,—деп жазат француз кабарчылары.

Жыйынтыгында бул аракеттердин баары камактагылардын кыжырын келтирип, тирешүүгө алып келген деп кабарлайт «Франс пресс» УККга шилтеме жасап.

Сүрөттө: Камактагылар ооздорун тигип алышкан.
Сүрөтүн автору: радио «Азаттык» алардын уруксаты менен колдонууга алынды.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы