"Билайн" уюлдук байланышы жеткиликсиз бойдон калууда


«Билайндын» абненттери 26-январь күнү башка уюлдук операторлордун номерлерине чалып байланыша алалбай, мобилдик интернетке туташа алышкан эмес. «Билайн» компаниясынын өкүлдөрү «электрокамсыздандыруу түйүндөрүнүн иштен чыгышына байланыштуу» болуп жатат деп билдирип, качан маселе чечилерин так айтышкан жок.

«Билайн» компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Татьяна Шахин «Клоопко» берген интервьюсунда, түйүн ичиндеги иштерди алып барууда бул көйгөй келип чыкканын билдирди.

«Бүгүн эртең менен түйүн ичинде иштер жүргүзүлүп жатканда электр камсыздандырууда маселелер пайда болду. Абоненттер чалууда жана башка кошумча кызматтарды колдонууда кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн»,—деди Шахин «Клоопко» берген интервьюсунда.

«Кошумча кызматтар» дегенде Шахин, интернет менен байланышууну эске алганы кийинчерээк айкын болду.

Канча абонент байланышууда кыйынчылыка кабылганы тууралуу так маалымат бере алгана жок. Бирок, анын айтымында бул маселе баардык уюлдук байланышты колдонуучулар арасында болушу мүмкүн.

«Бул маселе республика боюнча болуп жатат, тез арада маселени чечүүгө аракеттенип жатабыз»,—деп билдирет коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси.

Чалуулар менен болгон маселе алгач эле чечилген,- деди Шахин. Бирок «Клооптун» кээ бир кабарчылары азыркыга чейин башка операторлорго чалууда кыйынчылыктарга кабылууда.

Макала жазылып жаткан учурда мобилдик интернет баардык абоненттерде толук түрдө иштеп баштаган эмес.

Интернеттин кабыл алуусу

«Билайн» «Твиттердеги» блогунун колдонуучулары тарабынан өзүнүн дарегине көптөгөн арыздануу каттарын алды.

@Aigerim90 колдонуучусу, түйүндөгү маселерге нааразычылыгн билдирип, Билайндын сурап-билүү кызматына да чала албай койгондугун жазган.

@Djumasheff колдонучуусу, USSD кызматы иштебей, веб-кассалар телефон үчүн акча албай жатканын кабарлап өттү.

Кээ бир твиттерчилердин такыр айласы кетип жатты:

««@BeelineKG түшүнүп жатам, мени жек көрүп жатсаңар керек, бирок мага күндүзгүдөй эле азырда сөзсүз бирөөгө чалыш керек эле», — деп жазат кечке жакын BeatBox_13 колдонуучусу.

«Билайндын» башкы атаандашы «Мегаком» компаниясы да бүгүн түйүн ичинде маселелер болушу мүмкүн деп билдирген. Байланыш сапатын жакшыртуу максатында техникалык жабдыктарды жаңыртып, заманбап түрү менен алмаштырып жаткандыгы менен байланыштуу экенин «Мегаком» байланыш кызматы билдирип өттү.

«Билайндын» абонентисизби? Байланыш менен болгон маселелеринизди айтып бериңиз. Башка оператордун абонентисизби? Сизде да балким көйгөйлөр жаралып жаткандыр?

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы