Шериктештик кубогу: Кыргызстан — Таджикистан — 3:1

Кыргызстандын жаштар курама командасы Шериктештер кубогунда экинчи жеңишике жетти. Бул кезекте түштүк коңшубуз Тажикстан командасын 3:1 упайы менен утуп кетишти.

Бул оюнда да «Алганын» жарым-коргоочусу Турсуналы Рустамов 26-мүнөттө алгачкы голду киргизди. Эскерте кетек, Рустамов мурунку Түркменистан менен болгон оюнда хет-трик жасаган.

Тажиктсандын коргоочусу Шодибек Гафаров тынууга аз калганда упайларды теңдештирүүгө жетишти. Экинчи таймдын 77-мүнөттүндө «дордойчу» Каюмжан Шарипов пенальтини ишке ашырды.

Дагы бир «дордойчу» Ислам Шамшиев матчттын аягына беш мүнөт калганда дагы бир гол киргизүүгө жетишти.

Матчттан кийинки пресс-конференцияда Кырыгзстандык футболчулардын машыктыруучусу Жумакеев арызданып, мурда айтып өткөн — биздин команда штрафтык чабуулдардан коргоно албайт деген сөздөрүн кайталады.

«Кайра-кайра эле бирдей каталарды жасап жатабыз, маанилүү моментте концентрацияны жоготуп коюдабыз. Стандартуу жагдайларды уттурп жатабыз! Кээде аябай уялам!»,–деди ал.

Коргоонуудагы маселелерге тажикстандык футболчулардын машыктыруучусу Салохиддин Гафуров да нааразы болуп жатты.

«Биздин каталарыбыз, эң маанилүү зонада болуп жатат. Азыр Тажикстанда таланттуу жаш дарбазачылар жок! Коргоодогу орой каталардан улам акыркы матчттардан жеңилдик деп айта алам»,–деди ал.

Бул жеңиштен кийин Кыргызстан 6 упай топтоп, 9-орун үчүн күрөшүүдө биринчилерден болуп келе жатат. Акыркы турда 4 упайы бар Эстония менен беттешет.

Шериктештик Кубогунун жубатуучу оюнуна эң начар ойногон төрт команда өткөн. Алар лиганын тартиби боюнча оюн алып барышууда.

Шериктештер Кубогунда КМШ өлкөлөрүнөн жана Ирандан келген 12 жаштар курама командасы катышып жатат. Жубатуучу оюндун жыйынтыгында жеңип чыккан команда 9-орунга ээ болот.

Жума күнү кечинде турнирдин жарым финалы өтөт. Жарым финалда Украина менен Белорусия жана Латвия менен Орусия беттешет.

Сүрөт: турнирдин расмий сайтынан алынды.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бектур Искендер