«Билайн»- байланыш кызматы жандангандыгын билдирди

«Билайн» уюлдук кызматынын басма-сөз кызматы, ишемби күнү эки күндүк ыңгайсыз абалдан кийин абоненттеринин башка операторлорго чалуу мүмкүнчүлүктөрүн кайра ишке киргизилгендигин билдирди. Мобилдик интернет ошол эле күнү кечинде иштеп баштаган.

Компания ишемби күнү кечинде «башка операторлорго чалуудагы чектөөлөр бардык абоненттерде калыбына келтирилди» деген пресс-релиз жиберген.

Акча салуу кызматы кайра иштеп баштаганын «Билайн» тастыктады.

Уюлдук оператордун көйгөйлөрү 26-январь күнү башталган. Алгач препэйд төлөө системасы менен колдонгон абоненттер башка операторлорго чала албай калышкан, акырындык менен мобилдик интернет колдонуусу иштен чыккан.

Мобилдик интернет 28-январь күнү кечинде иштеп баштаган.

«Билайн» абоненттердин канча пайызы ыңгайсыздыктарга кабылгандыгын айткан жок, бирок препэйд төлөө системасы менен абоненттердин көпчүлүгү колдоноору белгилүү.

Эскерте кетсек, «Билайндын» басма сөз кызматы «Клоопко» берген интервьюсунда, мындай кыйынчылыктар бүт Кыргызстанды камтыганын билдирген.

Өлкөдөгү эң чоң уюлдук операторлордун бири «Билайн» жума күнү кечинде, энерго камсыздандыруу системасын алмаштыруу учурунда адистер тарабынан катачылык кеткендигин маалымдаган.

Ката кетирген адистин атын компания атагысы келген жок, бирок ага карата атайын чаралар көрүлгөндүгүн билдирди.

Бул ыңгайсыздык интерент-колдонуучулар арасында катуу таасир жаратуу менен талкууга алынган. Өзгөчө «Билайндын» аккаунту бар «Твиттерде» кызуу талкуулар жаралып, акыркы эки күндүн ичинде канчалаган негативдүү тивттерлер Билайндын дарегине жөнөтүлгөн.

«Өнүккөн мамлекеттерде мындай каталар үчүн лицензиясын алып салат», — деп жазат жума күнү кечинде @artelow колдонучуусу.

Шаардын тургундары уюлдук оператордун ичиндеги бузуулар күнүмдүк жашоолоруна терс таасирин тийгизгенин кабарлап жатышты:

«20 мүнөт ызгаар суукта турдум, анткени  @BeelineKG эки күндөн бери иштебей жаткандыгынан эч кимге чала албай койдум! Тоңуп калдым», — деп жазат @Jarkyna_s колдонучуусу.

@Turganbaev колдонуучусу, Билайндын катачылыгынан анын атаандаштары пайдаланып жаткандыгын маалымдады:

«@BeelineKG бир нерселерди жасап жатканда О! өзүнүн абоненттерине билайнга чалуудагы кыйынчылыктар жөнүндө смс аркылуу кабарлап жатты»

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бектур Искендер