«Твиттер» микроблогдор платформасында жазылган билдирүүлөр башка мамлететтин колдонуучулары арасында көрүнгөнү менен өзүнүн мамлекеттиндеги мыйзамдын чегинен чыкса, анда билдирүүлөрдүн арасынан тандалган негизде ал билдирүүлөргө чектөөлөр коюлаарын, белгилүү чоң микроблоггдук платформасы билдирип өттү.
Сервистин жетекчилиги билдиргендей, башка өлкөлөрдөгү колдонуучулардын билдирүүлөрүнө чектөөлөрдүн коюлуусу, бул- ар бир өлкөнүн сөз эркиндигине болгон түшүнүгү ар кандай экенин билдирди.
Кээ бир мамлекеттердеги блогдорго чектөө коюу, ар бир мамлекет сөз эркиндигинин ар кандай көз карашта экени белгилүү болду,- дейт «Твиттер» сервисинин жетекчилиги.
«Кээ бир түшүнүктөр биздикинен кескин түрдө айырмалангандыктан, ал мамлекеттерде иштөөбүз мүмкүн эмес», —деп жазылган блогдун расмий сайтында.
Колдонуучулардын билдирүүлөрү 140 символго жакындаганда твиттерчилерге чектөө кою боюнча эскертме берилет,-деп билдирет «Твиттер».
«Твиттердин» жетекчилиги ишмердүүлүгүнүн ачык болушу үчүн, түшкөн бардык арыздарды коомчулукка жарыяланаарын маалымдады. «Чиллинг Эффектс» сайты түшкөн арыздарды, кимден, качан, кайсы убакытта түшкөндүгүн жарыялап турат.
«Буга чейин бир твиттке чектөө койсок, ал блогду бүт дүйнөдө окуу мүмкүн эмес эле. Эми болсо твитти ошол мамлекетте эле чектеп, башка өлкөлөрдө окуу мүмкүнчүлүгүн калтырабыз», — деп билдирди микроблогинг сервиси.
Кыргызстандын кабыл алуусу
«Твиттердин» Кыргызстандагы колдонуучулары чектөө коюуу жөнүндөгү жаңылыкка нааразычылыктарын билдирип, сөз эркиндигине коркунуч тулууда деп билдиришүүдө.
«Эми минтип сөз эркиндигине жолтоо болуп жатышат, бул кадамдары менен мындан ары өзү сактанып жүргөн маалыматтын суздугуна алып келиши мүмкүн», —дейт Кыргызстандагы белгилүү «твиттерчилердин» бири @Nuraikin.
Эркин рынок Орто Азия Институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев да @Nuraikinдин пикирин колдоду.
«Албетте бул чечим «Твиттердин» жеке иши, бирок, капалана кое албайм. Анткени авторитардык мамлекеттердеги жарандардын өз оюн, позициясын билдирүүсүнө болгон мүмкүнчүлүгүн чектеп коюду», — деп оюн кошумчалап өттү ал.
Чектөөлөрдүн болушун колдогондор да жок эмес:
«Баары туура: үйүр айбандардай болуп, курмандыктар көбөйүп жатат, туура чек коюш керек», — деп жазат колдонуучу @kakashonka.
«Твиттердеги» цензура
«Твиттер» кээ бир чоң мамлекеттер арасында цензурага алынган. Мисалы, Кытайда "Твиттер" жеткиликтүү эмес. Ал жактын жарандары мамлекет тарабынан катуу текшерүүгө алынып, жергиликтүү «твиттердик» аналогу менен колдонушат.
Бир топ мамлекеттер «Твиттер» стабилдүүлүккө коркунуч туударат деп ойлошот — мисалы, Казакстанда нефтичилер жана полиция кызматкерлери ортосундагы кагылышуу учурунда «Твиттер» белгисиз бир убакытка өчүрүлгөн.
Албетте казак бийлик өкүлдөрү бул маалыматты тастыктоодон баш тарткан.
«Твиттер башка коомдук тармактардай эле массалык козголоңдорду уюштурууда маанилүү роль ойноп келген — «араб жазынан» баштап 2011-жылкы Лондондогу тополоңго чейин», — деп жазат Би-би-синин кабарчысы Рори Селлан-Джонс.
«Твиттер» чектөө коюлган билдирүүлөрдү жана өчүрүлгөн каттарды минималдаштырууга аркеттенип жатат. Компания бул учурга чейин өздөрүнүн жаңы эрежесин колдонууга мажбур болбогонун билдирди.
«Жазылган маалыматтардын бардыгын жеткиликтүү болушуна дайыма аркеттенебиз, болбогон учурда колдонуучуларыбыздын алдында ачык болууга аракет кылабыз», — деди сервис тармагынан.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редакторы: Айгул Гуламидин кызы
Урматтуу окурмандар «Твиттер» микроблоггуна чектөөлөр коюлусууна кандай көз караштасыздар? Өз ой-пикирлериңизди төмөнкү форманы колдонуу менен калтырышыңыз мүмкүн.