Бишкекте дүйнөлүк премьерадан бир күн мурун «Жылдыздар согушу» кинотасмасын 3D форматында көрсөтөт


Джордж Лукастын фантастикалык сагасынын биринчи тасмасы 3D форматында 9-февралда Бишкектин кинотеатрларында тартууланат. Бул-«Жылдыздар согушу» эпопеясынын 3D форматында жасалган бринчи эпизоду.

Кинотасманын премьерасы Бишкектин бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт- «Синематика» түйүндөрүндө, «Роосия» жана «Манас» кинотеатрында.

Батыш өлкөлөрүндө тасманын премьерасы 10-февралында көрсөтүлүп башталса, Бишкектиктер бир күн эрте күбө боло алышат. Эскерте кетсек, «Башка дүйнө» кинотасмасынын уландысы да Бишкекте дүйнөлүк премьерадан бир күн мурун көрсөтүлөт.

«Жылдыздар согушунун» биринчи эпизоду «Жашыруун коркунуч» 1999-жылы тартылган. Алты сериялуу «Жылдыздар согушу» 3D форматында чыгып жаткан алгачкы эпизод.

Тасманын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Джэймс Кэмерондун «Аватар» киносунун үстүндө иштеген «Индастриал Лайт энд Мэджик» студиясы, бул тасманын иштери менен да алектенген.

IMDb кино жөнүндөгү интернет сайттын баасы боюнча, «Жашыруун коркунчу» «Жылдыздар согушу» кинотасмасынын эң ийгиликсиз эпизоду — 10 упайдан 6,4 упайына гана ээ болгон. Демейде Джордж Лукастын упайлары 8,8ге чейин жеткен.

«Роттен Томэйтоз» киносайтында ушундай эле көрсөткүч. «Жашыруун коркунуч» тасманын экинчи эпизодунан алты пайызга төмөн жана башка эпизоддор арасында эң төмөнкү орунду ээлеп келет (61%).

Ошого карабастан, орусиялык «Кинопоиск» интернет булагына таянсак, «Жашыруун коркунуч» эпизодунун белгилүүлүгү акыркы жылы жогорку орундарга жеткен. 525-орундан 15-орунга көтөрүлгөн.

Интернет колдонуучулары арасында катуу талкууга алынган темалардын бири — 3D форматында чыгарылган эпизоддун тандалышы.

«Жылдыздар согушунун» хронологиясы таң калтырбай койбойт — 70-80-жылдары акыркы үч эпизоду, ал эми алгачкы үч эпизоду 20 жылдан кийин гана чыккан.

Америкалык кино сынчы Итан Андертон «Первый показ» сайтына жазган макаласында, «Жылдыздар согушу» кинотасмасын 3D форматында чыгаруу үчүн «Жашыруун коркунуч» эпизодун тандоо жакшы жыйынтыктарды бербеши мүмкүн,- деп жазган.

«Биринчиден «Жашыруун коркунуч» эң ийгиликсиз тасма болгондугунана кабардарбыз. Балким скутерлердеги космостогу жарышуулар 3D форматында кызыктуу болоор. Приквелге келген көрүүчүлөрдүн санынан башка эпизоддордун белгилүүлүгүн аныктасак болот», - деди ал.

Мындай пикир менен макул эместигин,- жашыруун бойдон калгысы келген «Жылдыздар согушунун» Бишкектик күйөрманы билдирди.

« 3D форматына биринчи эпизоддон баштоо логикалык жактан туура», - деди ал.

«Жылдыздар согушунун чыныгы күйөрмандары үчүн экинчи, үчүнчү эпизоду чыгабы баары бир, эң негизгиси тасманын өзүн жаңы форматта көрүү», - деп билдирди күйөрман жигит.

«Жылдыздар согушунун» күйөрманысызбы? 3D форматтын биринчи эпизоддон баштоого кандай көз караштасыз? Премьерадан эмнени күтөсүз? Төмөндөгү форманы колдонуп комментарийлериңизди калтырыңыз.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы