ИИМ: «Түндүкэлектронун» кызматкерлери пара алгандыкта айыпталууда


«Түндүкэлектронун» кызматкерлери электроэнергияны кайра кошуу үчүн Бишкектин тургундарынан акча алгандыгы үчүн айыпталууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Түндүкэлектро комментарий алуу учурунда жеткиликсиз бойдон калды.

ИИМдин маалыматы боюнча, Бишкектин тургундарына үч фазалык электро камсыздандыруу системасын кошуп берүү үчүн «Түндүкэлектронун» кызматкерлери 300 доллардан 600 АКШ долларына чейин акча алышкан.

Мындан сырткары «Түгдүкэлектронун» кызматкерлерин- Бишкектин кээ бир райондорунда трансформаторлордун күч кубаттулук нормасынан ашырып, жарыктын өчүрүлүшүнө алып келгендикте айыпташууда.

Күч-кубаттуулуктун нормасы 90%дан ашпашы керек, ал эми азыркы күндө бул норма 100дөн 160%га чейин жетип жаткандыктан, тургундарды электроэнергия менен камсыздандырууда кыйынчылыктар болуп жатат,-деп билдирди министрлик.

Милиция кызматкерлери, кызматтык абалынан ашыкча пайдалангандыкта жана мамлекеттик мүлктү сарптоо боюнча «Түндүкэлектронун» кызматкерлерине карата тергөө ишин козгоду.

Комментарий алуу учурунда «Түндүкэлектро» жеткиликсиз бойдон калды.

Коррупция менен күрөшүү

«Түндүкэлектронун» мындай аркеттерин укук коргоо органдары «энергетика тармагындагы коррупциондук схема»,- деп билдирди.

Экертек кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук Кеңешинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө коррупция менен күрөшүүгө басым жасап өткөн.

Ошол эле учурда Атамбаев, Улуттук коопсуздук кызматына караштуу антикоррупциялык кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиевге, жылдын биринчи кварталында тийиштүү деңгээлде натыйжаны көрсөтө албаса, кызматтан кетээрин билдирип өттү.

«Сөгүш же эскертүү болбойт, сиз тек гана кызматтан бошотуласыз, ишенимди актабаган инсан катары»,-деди Атамбаев.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы