УКК «Мегакомдун» гендиректорун камакка алды, тинтүү иштери бүттү

140 млн сомго жакын чыгым алып келген «Мегаком» уюлдук байланыш кызматында «коррупциондук схема» күч алгандыгы тууралуу улуттук коопсуздук кызматы кабарлады.

«Мегаком» брендине ээ болгон «Альфа Телеком» компаниясында коррупциондук схемалар аныкталды,- деп билдирет Улуттук коопсуздук кызматы журналисттерге жиберген пресс-релизинде.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын антикоррупциондук кызматы «Альфа Телеком» ЖАКнын ишмердүүлүгүндө компаниянын кирешелерин ысырап кылынышы сыяктуу коррупциондук иштерин аныктады. Муну жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 142 млн.095 миң 170 сом зыян келтирилген»,—деп кабарлады УККнын басма сөз катчылыгы.

УКК жана башкы прокуратура «компаниянын кээ бир жетекчилерине» карата Кылмыш жаза кодексинин үч беренесине ылайык тергөө ишин козгоду.

«Кньюс» кабар агенттиги жеке булагына шилтеме жасап, УКК «Мегакомдун» генералдык директору Азамат Мурзалиевдин камакка алгандыгын кабарлады.

Өзүн коопсуздук кызматкери катары тааныштырган адам, «Мегакомдун» жетекчилиги тинтүү иши башталганда эле кеңседен чыгып кетишкен,- деп маалымдады. Бирок ал кайда, качан жана өз калоосу мененби же жокпу тактап айткан жок.

Компаниянын жетекчилигин УКК суракка алып жатат,-деп «Вечерний Бишкек» гезитти билдирсе, ал эми «Мегакомду» техникалык жабдыктары менен камсыз кылып келген кытайлык ZTE компаниясында тинтүү иштери жүрүп жаткандыгын «Кньюс» маалымат агенттиги маалымдайт.

Болуп өткөн абал серепчилердин көз карашы боюнча

Серепчилер «Клоопко» берген интервьюларында, болуп жаткан окуяга карата ар кандай ой-пикирлерин айтышууда.

«Эгалите» коомдук фондунун аналитиги Иван Каменко, «Мегакомго» башка күчтөр тарабынан басым жасалып жатат,-деп билдирип, бирок кайсы күчтөр экенин айтуудан баш тартты.

«Козголоңдор жана ачылган тергөө иштерине карабастан «Мегаком» компаниясы экономикалык кризистен чыгып, жакшы темптер менен өнүгүп жатат», — деди Каменко.

Каменконун ою боюнча, мындай окуядан «Мегакомдун» атаандашы «Билайн» пайда көрүп жатат, бирок аларды күнөөлөгө «укугум жок»,- деп кошумчалап өттү Коменко.

«Тергөө иштеринин ачылышы- «Мегаком» компаниясынын аброюн түшүрүү үчүн, рыноктогу ордун алып салууга карата, абоненттеринин ага болгон ишениминин жоготуусуна багыталган»,—деди Каменко.

«2010-жылкы улутташтыруу маанай өтө элек мезгилде, колдонуучулар мындай учурга тез реакция беришет», —деп аналитик кошумчалап кетти.

Ал эми Марс Сариев такыр башка пикирде, анын айтымында мындай аракеттер «антикоррупциондук күрөшүү» ичинде өтүп жатат.

«Менин оюмча, бул процесс уланып, дүңгүрөгөн иштерге алып келет. Республикадагы тазалоо процессиндеги табигый көрүнүш», —дейт саясатчы.

«Мегкомдогу» тинтүү иштери президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдындагы Коопсуздук кеңешинин отуруму менен туш келип жатат. Себеби бул отурумда коррупция менен күрөшүү темасы көтөрүлмөк.

«Мен, өлкөнүн башчысы жана Коопсуздук Кеңешинин төрагасы катары Башкы прокуратурадан, укук коргоо жана сот органдарынан ар бир коррупционерге ачылган тергөө иштерине карата татыктуу иш алып барылышын жана ар бир адамдын акырына жетишин талап кылам», — деди Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин отурумунда.

УККнын курамындагы антикоррупцциондук кызматка үмүтү чоң экенин президент белгилеп кетти. Антикоррупциялык кызмат жылдын биринчи кварталында тийиштүү деңгээлде натыйжа көрсөтө албаса, жетекчиси кызматтан кетет. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев коргоо кенешинин жыйынында билдирди.

УКК тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү иштери «антикоррупциондук» кадамдар,- деп түшүндүрүлүүдө.

УКК президентке түзмө-түз баш ийет. Ал эми апрель төңкөрүшүнөн кийин улутташтырылган «Мегакомдун» азыркы генералдык директору Азамат Мурзалиев мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан дайындалган.

Ал эми, өз учурунда мамлекеттик мүлк министрлигин премьер-министр Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы менен байланышы бар Даир Кенекеев жетектеп келген.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы