Кыргызстандын түштүк жергесинде 20дан ашуун көчкү жүрдү

30-январдан 31-январга оогон түндө Ош облусунун Мырзаке-Каракулжа-Алайку автотрассасында 21ге жакын көчкү түшкөн. Көчкүнүн себеби көпкө созулган кардын жаашы болгон. ӨКМнын маалыматы боюнча жабыр тарткандар жок.

Айдоочулар үчүн түштүк жергесиндеги автоунаа жолу көчкү көп жүрүүчү жолдордун бири болуп калууда. Өзгөчө кырдаалдар тескөө борборунун жетекчиси Мухаммед Сваровдун айтымында, кар көчкүсү 30-январь түнү автотрассанын кыймылын тосуп калган.

Азыркы күндө кар көчкүсү түшкөн жерлер тазаланып, ӨКМнын кызматкерлери кийинки кар көчкүлөрүн алдын алуу үчүн атууларды жүргүзүштү.

Сваровдун айтымында, өз убагында эскертүү берилгендиктен жол мурунтан эле жабылып, көчкүдөн жабыр таркандар болгон жок.

«Жолдорду тазалоого каражат көп кетет. Кийинки кар көчкү кайсы жерде болоору боюнча маалыматыбыз бар, 29-январда атуу иштери эки багытта жүргүзүлөт. Түндүк багытта Бишкек-Ош жана түштүк багытта Ала-Бука — Каныш-Кыя авто жолунда алдын алуу иштери жүргүзүлөт»,— деди Сваров.

Анын айтымында, 4-февралга чейин ӨКМнын кызматкерлери түштүк жолдорунун тоолуу аймактарында кар атуу иштерин улантышат.

Акыркы күндөрү кар көп жаап, абанын температурасы -6,2 градус болуп турган.

«Аба ырайы жана климат» сайтынын маалыматы боюнча, Бишкектеги кар жана жаан-чачындардын нормасы өздүк нормасынан бир аз эле чектеп кеткен — 26 миллиметр өлчөмүндө болгон кардын ордуна акыркы айда Бишкекте 29 миллиметр кар жааган.

Ушул эле сайттын маалыматы боюнча, эң калың кар 1969-жылы январь айында 60 миллиметрге жеткен кардын жаашы болгон.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидинова
Авторлор: Нурмухаммед Алимбаев жана Абдулла Жусупалиев