Маршруткалардын айдоочулары чоң кишилердей жол кире талап кылгандыгын айтып, окуучулар арызданышууда. Айдоочулар окуучулардын айткандарын моюнга алышкан жок. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай маселе бар экендигин билдирип, тургундардан маршрутканын номерлерин жазып алуусун өтүнүшүүдө.
Белгисиз бойдон калууну каалаган алтынчы класстын окуучулары, кээ бир айдоочулар жол кирени чоң кишилер сыяктуу 8 сомдон аларын айтып арызданышууда.
«Он сом берген учурда, айдоочулар кайтымын кайтарышпайт. Кээде сегиз сом талап кылышат... кээ бирөөлөрүнө такыр беришпейт. Он сом берсем, кайтымын кайтарып берген жок. Айдоочу он сом деп койду. Ошонон кийн беш сом төлөп баштадым», ─ деди алтынчы класстын окуучусу «Клоопко» берген интервьюсунда.
Шаардык кеңештин депутаттарынын токтому боюнча, окуучу мектеп күбөлүгүн көрсөкөн учурда жана окуу мезгилинде жол кире 1 сом, ал эми кечки саат бештен кийин 4 сом, чоңдор үчүн 8 сом.
Атын атагысы келбеген онунчу класстан окуучу, ар дайым жол кире үчүн беш сом же болбосо сегиз сом төлөөрүн айтып өттү.
«Бир сом төлөгөн учурда айдоочулар урушат. Балким мектеп окуучуларына окшобогонубуздандыр», ─ деп айтат окуучу кыз.
Окуучу кыздын айтымында, мектеп күбөлүгүн көрсөткөн учурда деле айдоочулар нааразы боло беришет.
Атын атагысы келбеген мектептин мугалими, айдоочулардан суранып жатып окуучуларды маршруткаларга отургузаарын билдирди.
Мугалимдин айтымында, окуучулар беш сомдон төлөшү керек, бирок ошол эле учурда айдоочулар калган акчаны кайттарып бербейт.
«Балдарыңарга бир сомдон бергиле». Бир сом бир тарапка, бир сом экинчи тарапка. Ата-энелерге беш сомдон бербегиле,- деп, дайыма айтып келем», ─ деди мугалим «Клоопко» берген интервьюсунда.
Мугалимдин айтымында, окуучуларды кээде жеткирүүгө туура келет. Айрым учурда болуп турат.
Башталгыч класстын окуучусунун атасы Анвар Абдрахимов, жол кире үчүн он сом төлөөгө даяр экендигин айтты, бирок окуучулар үчүн жол кире бекер болушу керектигин билдирип өттү.
«Өзүм үчүн он сом төлөөгө даярмын, кичине балдарга тийишпей эле коюшсун», ─ дейт Абдрахимов.
Маршрут айдоочуларынын пикирлери
Айдоочу Нурматжан Жумабаев, өзү жүргөн маршруту боюнча окуучулардан акча албастыгын айтып, актанып өттү.
«Бирок жогорку класстын окуучулары да бар, кечки саат бештен кийин деле төрт сомдун ордуна бир сом төлөй беришет.
Токтомдо андай жазылган эмес»,─ дейт Жумабаев «Клоопко» берген интервьюсунда.
Атын атагысы келбеген айдоочунун айтымында, анын маршруткасына топ окуучулар түшүшөт, бирок арасында такыр төлөбөгөндөр да кездешет.
«Мисалы, төртөө төлөп, алтоо төлөбөй коёт. Төртүнчү, бешинчи, алтынчы жана жогорку класстын окуучулары да төлөбөй коюшат. Чоң-чоң эле балдар камарабай бир сом төлөп, рахмат да айтпай чыгып кетишет», ─ деп айдоочу нааразы.
Мамлекеттик номерлерин жазып калыңыздар
Ош шаарынын мэриясынын байланыш жана транспорт бөлүмүнүн кызматкери Акымбек Эргешовдун билдирүүсүндө, айдоочуларга карата мурунтан эле арыздар түшүп келегн.
Анын айтымында, жол кирени окуучулардан толук алган маршруткалардын номерлерин жазып калууну мугалимдерден суранышкан.
«Биз ар бирин даркетери боюнча чакырып алып, сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргзөбүз», ─ деди Эргешов «Клоопко» берген интервьюсунда.
Эргешовдун айтымында, айдоочулар жол киренин төмөн болушуна нааразы , ошондой эле айдоочулар тарабынан да арыздар келип түшөт.
Анын айтымында, айдоочулар ар бир жүрүгүнчү жашына карабастан бирдей жол кире төлөшүн каалашат.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редакторы: Айгул Гуламидин кызы