«Кыш болбойт-2»- дүйнөдө жаңы эра кыргыздардан башталат

Орус тилдүү интернет мейкиндигиндеги «This is хорошо» интернет-берүүсү бул сапар да президенттикке талапкер Арстанбек Абдылдаевдин жакында берген пресс-конференциясын көңүлсүз калтырган жок. 300 миң көрүүчүнү өзүнө тарткан бул берүүнүн негизги темасы «Путин татаал биоробот» жана «Кыш болбойт» деген фразалар болду.

«Кыш болбойт» деген сөзү менен белгилүү болгон Арстанбек Абдылдаев, кайрадан эле Стас Давыдовдун «This is хорошо» деген берүүсүнүн бул жолку каарманы болуп чыга келди.

Давыдовдун Абдылдаев жөнүндөгү мурунку берүүсү «Ютуб» сайтында эки миллион көрүүчүнү топтоп, кыргыз пайгамбарынын орус интернет мейкиндигиндеги белгилүүлүгүн арттырган.

Өзүнүн интернет берүүсү аркылуу 300 миң көрүүчүнү топтогонго жетишкен Стас «Кыш болбойт» деген сөзгө тамашалап:

«30-январь. Рига. Латвия. Европа. Абанын температурасы минус он жана аттиң ай, шайтан алгыр десе ал эми - бул кар», — деди колуна кар уучтаган алып баруучу.

Абдылдаев

Давыдовдун берүүсүн колдонуучулар чакыруу катары кабыл алышып, жашаган жери жана абанын температурасы жөнүндө комментарийлерди калтыра башташты.

«Челбинск, -37. Шамал. 1нен-11не чейин мектеп окуучуларын сабактардан бошотушту. Кыш болбойт»,— деп билдирет VOJAND1.

«Новосибирск облусу, -43. Макул кыш болбосо болбой эле койсун. Футболка кийип алып талаада велосипед тээп келейинчи», — деп жазат Makeller.

27-январда «Ютуб» порталына жүктөлгөн пресс-конференциянын видеосун төрт күндүн ичинде 150 миңден ашуун колдонуучу көрүп, 1004 комментарий калтырууга жетишишкен. Бул видео кыргыз пайгамбарынын биринчи пресс-конференциясынын рекордунан ашып кеткен.

Абдылдаевдин пресс-конференциясында зал журналисттерге толо болуп, алардын үчтөн бир бөлүгү пайгамбар мырзадан жаз келеби деп сурап жатышты.

Мындай суроолорго Абдылдаев жаз 6-февралда башталат,- деп жооп берген, бирок, эртеси Бишкекте катуу кар жаап баштаган.

Пресс-конференциянын аягында Кыргызстандын келечеги жөнүндө- 2012-жылы «өнүгүү болбойт», психологиялык оорулар көбөйөт деп, бардык адамдар «биороботтор», ал эми Орусиянын премьер-министри «татаал биоробот» деп жыйынтык чыгарган.

Абдылдаев интернетте

Абдылдаевдин биринчи видеотасмасындагы «кыш болбойт» жана «дүйнөдө жаңы эра кыргыздардан башталат» деген фразалары орус тилдүү интернет колдонуучулары арасында белгилүүлүккө жеткен.

Видеотасма Dastan01 колдонуучусу тарабынан 6-декабрда жүктөлгөн. Азыркы күндө «Кыш болбойт» видеоролигин 640 миң колдонуучу көрүүгө жетишкен.

Кыргызстандык видеотасма Стас Давыдовдун «This is хорошо» берүүсүндө тамаша түрүндө талкууга алынып, белгилүүлүгүнүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн.

«Кыш болбойт» аттуу Давыдовдун берүүсүн эки миллион колдонуучу көрүүгө жетишкен.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы