Митингчилерге карабастан Алай районунда аким шайланды

Алай районундагы Гүлчө айылында 1-февралда үч талапкерден аким шайланды. Жашоочулар талапкерлерге каршы бир күн мурун митинг өткөрүшкөн. Бирок шайлоонун жыйынтыгына митингчилер "кайра ыраазычылыгын" билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылдын август айында иштелип чыккан токтом боюнча айыл өкмөттөрүндө аким шайлоосуна үч гана адамдын талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн. Алар үч жылга шайланат.

Аким кызмат ордуна талапкер Алмазбек Осмонов президент Курманбек Бакиевдин башкаруу учурунда үч жыл Алай районунун акими болуп иштеген. Апрелдик төңкөрүштөн соң Осмонов иш ордун мажбурдук менен бошотуп берген.

Талапкер Айтпай Жээналиев эки жылдан ашуун убактылуу аким болуп иштеген. Аны бул кызмат ордуна убактылуу өкмөт алып келген.

Ал эми Таалай Сарыбашов Алай районунун Кеңешинде үч жылдан бери төрага болуп иштеп келди. Ал ошондой эле райондук базардын директору болуп үч жыл кызмат кылган.

Алай райондук Кеңешинин жооптуу катчысы Абдимажид Тажаматовдун маалыматында, шайлоого Алай райондук Кеңешинин бардык 25 депутаттары катышты. Талапкер Таалай Сарыбашовка 13 добуш берилди, Алмазбек Осмоновго 12, ал эми Айтпай Жээналиев добуш алган жок.

Эсептөө комиссиянын маалыматы менен Таалай Сарыбашов Алай районунун акими болду. Сарыбашов "Клоопко" берген интервьюсунда, шайлоону митинг аркылуу чечкенге каршы экенин айтып өттү.

"Элди кыйнабашыбыз керек да, мындай нерседен арылышыбыз керек. Баардык нерсе мыйзам чегинде болуш керек мен ошого кошулам, элдин укугун тебелей албайт экенбиз, бирок [митингчилерге] болушунча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат",—деп айтты Сарыбашов.

Айтбай Жээналиев өзүнүн атаандаштарын акимчиликке татыктуу эмес деп билдирди. Алмазбек Осмоновду "паракорчулукка" күнөөлөп, ал эми Сарыбашовду "билими жок жана тажрыйбасы жетишсиз" деп айтты.

Ал эми Алмазбек Осмонов менен "Клооптун" журналисттери байланыша албады.

Талапкерлерге каршы митинг

Шайлоого бир күн мурун 50гө жакын адам талапкерлерге каршы митингге чыгышып аким кызмат ордуна жаштардан келишин айтышууда. Митингчилер азыркы талапкерлердин элге жакшы кызмат көрсөтөөрүнө ишенишпейт.

Митинге чыккан Гүлчө айылынын тургуну Аккыз Аланкөзөва, экс-акимди "паракорчулукка" күнөөлөп анын талапкерлигин коюлушуна каршы.

"[...] Районду таштап качып кеткен мурдагы аким Алмазбек Осмонов, элге келген гранттарды жеп кайра жардам бергендин ордуна[…]",—деди Алакөзөва.

Пенсионер Айымкыз Кыдыралиеванын оюнда, бийликке жаштар келсе өлкө өнүгөт.

Шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгон соң митингчилер үйлөрүнө кайтып, кайра ыраазы болгондорун билдиришти.

Ошондой эле Гүлчө айылынын айрым жашоочулары митинге чыгуу туура эместигин билдиришти.

Бектурсун Ормонкуловдун айтуусунда, мындай көрүнүш "элди бөлөт".

"Бирөөсунун туугандары чыга калып эле адамдарды үгүттөштүн кажети жок, кереги жок нерсе[…]. Кимиси кандай болсо да элге иштеп берсе болду",—деп кейиди Ормонкулов.

Ормонкуловдун сөзүнө Чүрөк Макаева да кошулат.

"Ким аким болсо да жакшы эл үчүн иштеп берген адам болсо деп тилейбиз. Митинге чыккандар туура эмес",—деди Макаева.

Автор: Айдарали уулу Данияр