«Тазалык» мекемесинин кызматкерлери жетекчилигине нааразычылыктарын билдиришүүдө

Бишкектин көчөлөрүн тазалаган «тазалык» мекемесинин мурунку кызматкерлери жетекчисинин кетишин талап кылышууда. Алардын айтымында, азыркы жетекчи авто унаа күйүүчү майын башка жакка сатуу менене алектенет. Компаниянын жетекчилиги күнөөлөрдүн баарын четке кагып жатат.

1-февралда «Тазалык» мекемесинин мурунку төрт кызматкери аталган ишканага карта антикоррупциондук күрөштү баштоону талап кылышкан. Алардын айтымында мекеменин жетекчилиги авто унааларга аталып алынган күйүүчү майды белгисиз тарапка сатып жатат.

Айдоочулардын айтымында, каалаган жерден барып алуучу күйүүчү майдын ордуна «Тазалыктын» жетекчиси Рыспек Сарпашев талондорго кол коюсуна мажбурлайт.

Кайсы бир авто унаага берилген талон, ал учурда ремонтто болгондукта ага бензиндин кереги деле жок,- дейт мекеменин мурунку кызматкерлери.

«Мисалы, бир авто унаага 50 литр бензин кетет. Айдоочу байке ремонтто жүрсө кели талонго кол кюп бер деп мажбурлашат. Ремонттомунда эч жакка барбайм десе да маани беришпей-кол кой деп атам деп айтышат » — деп айтып берди темир уста Мыйзамбек Ордокбаев.

«Тазалыктын» мурунку кызматкерлери, жетекчиси Рыспек Сарпашев тарабынан күчкө салуулар жана басым көрсөтүү учурлары көп болгондугун мисал келтирип, журналистерге арыздануу менен кайрылышкан.

«Белчеңе чейин баткак — мафия, жердешчилик, дискриминация. Мекеме бул- Сарпашевдин хандыгы. Бардыгын ал жерде жалгыз бир адам чечет»,—деди Мыйзамбек Ордокбаев.

Алардын айтымында, Сарпашев айлык акыны кечеңдетип берет, ошондой эле кызматкерлерге туура эмес төлөп беришет.

«Айлык акыны айдын онунда алышыбыз керек эле, бизге болсо айдын 25де берилет. 4,5 миң сом айлык алдым, бирок 12 миң алышым керек эле», —деп арызданды «Тазалыктын» дагы бир мурунку кызматкери Закирбек Чокоев.

Мурунку кызматкерлер, аларды кайра жумушка чакырышып, кызматтык абалдарын кайтарып берүүсүн талап кылышууда.

Жеткечилик четке кагууда

Мурунку кызматкерлери сөз сүйлөп бүткөн соң, заматта «Тазалыктын» жетекчилиги пресс-конференция өткөрүп, айтылган күнөөлөрдүн баарын четке какты.

Башкы инжинер Владимир Абылкасымовдун айтымында, айдоочулар катуу кар жааган күндөрү өздөрү жумушка чыгышкан жок жана аларды жумуштан эч ким кетирген эмес.

«15-январдан 16-январга караган күнү катуу кар жааган учурда жумуш тартибин бузушуп кар тазалоочу авто унаалардын айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Бөлүм жетекчилери, механиктер, инженерлер чыгып борбор калаабыздын көчөлөрүн кардан араң тазалаган»,—деди Абылкасымов.

«Алар мас абалда болушкан жана өз каалосуу менен жумштан кетирүүнү суранышкан», —деп кошумчалады башкы инженер.

«Тазалыктын» директорунун орун басары Токтобек Элгендиев, айлык акы мыйзам боюнча берилет деп түшүндүрдү.

«Баары келишим боюнча жана тарифтин негизинде айлык акысын алышат. Баары мыйзам боюнча төлөнөт. Эгерде арыздары болсо бизге келип айтсын, териштирсин», — деди Элгендиев.

Коррупция боюнча айтылган күнөөлөрдүн баарын четке кагып, айдоочулар өздөрү талон боюнча берилгени 60 литр бензиндин 20 литрин сатышат деди.

«Авто унааларга 60 литр бензин берилет, текшерүүгө келгенде 40 литр гана куюлуп, 20 литрин сатып салышканын аныкталган. Ошон үчүн жетекчиликтин айткан катуу сөздөрүнө айдоочулар нааразычылыгын билдире башташкан», — деди директордун орун басары.

Коррупция менен күрөшүү

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук Кеңешинин отурумда сүйлөгөн сөзүндө коррупция менен күрөшүү негизги тема болгон.

УККнын алдындагы Антикоррупциондук кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиевге биринчи кварталдын аягына чейин жыйынтыктар болбосо жумуштан кетирилээри жөнүндө Атамбаев эскертүү берген.

«Сөгүш же эскертүү берилбейт. Ишенимибизди актабаган инсан катары тек гана жумуштан чететилесиз», — деди Атамбаев.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы