Фирусхан Физиевдин өлүмүндө айыпталып жаткан УКК кызматкерлеринин соту катышуучулардын жоктугунан улам 10-февралга жылдырылды. УККнын кызматкерлери Физиевдин өлүмү боюнча айыптоолорду четке кагып жатышат.
Бажы кызматкери Фирусхан Физиевдин өлүмү боюнча 3-февралда өтө турган сот иши, айыпталып жаткандардын адвокатынын жана прокурордун жоктугунан башка күнгө жылдырылды. Келбеген адвокаттардын аттары азырынча белгисиз.
Кийинки сот угуулары 10-февралга калтырылды.
Даттануучу катары сотто Физиевдин туугандары жана адвокаттары чыгып жатат. Сот отурумунда туугандары УКК кызматкерлеринин Физиев поездден өзү секирип кеткен деген сөздөрүн четке кагышты.
«Электрошок менен бетине урушуптур, тиштери да жок экен... таанууга мүмкүн эмес», — деди Физиевдин карындашы.
«Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова, УККнын кызматкерлерин жеке ишкер Фирусхан Физиевге карата кыйноолор колдонулгандыгы үчүн жана анын өлүмүнө күнөөлөгөн,-деп билдирди.
Анын айытымында, күч структураларынын өкүлдөрү 29-июль түнү «күнөөнү моюнга алдыруу үчүн кыйноолорду» колдонушкан. Ал эми, Фазиев болсо курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз түрдө сактаган деп айыпталып жаткан.
УККнын өкүлү мындай күнөөлөрдү четке кагып, күч колдонулган эмес,- деп маалымдаган.
«Айткан сөздөр тастыкталышы керек. Физиев мыйзамсыз түрдө курал-жарак саткандыктан айыпталган. Камакка алуу учурунда ок атып качып, авто унаадан, эки кат имараттын терезесинен секирип түшкөн. Буга чейин анын үйүнөн тогуз түрдүү курал-жарак табылган», — дейт УККнын мурунку жетекчисинин орун басары Көлбай Мусаев.
Кыргызстандын жарандарына каршы кыйноолорду колдонуу боюнча дүрбөлөң жараткан окуялардын бири эркинен өмүр бою ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши болгон.
Аскаров 2010-жылкы Жалал-Абад облусундагы этникалык кагылышуу учурунда массалык козголоңдордун уюштуруучусу деп күнөөлөнгөн.
Анын адвокаты Нурбек Токтакунов Аскаровго каршы милиция кызматкерлери кыйноолорду колдонушканын айтып келет.
«Эркиндик үнү» коомдук фондунун маалыматы боюнча 2010-жылдын ичинде укук коргоочулар 233 кыйноо колдонуу фактысын катташып, юридикалык жардам көрсөтүү жана кеңеш берүү боюнча 100дөн ашуун арыз алышкан.
Которгон: Бермет Абдыкадырова