Ошто түстүү журнал Мырзакматовдун сүрөтү менен чыкты

"Визитка" журналдын редакторунун айтымында, мэр шаар үчүн жакшы иштерди кылгандыктан башкы бетке чыгууга "татыктуу". Ал эми окурмандардын оюнда, жаңы басылма мэрдин демөөрчүлүгүндө басылууда.

Журналдын башкы редактору Адылбек Жапаровдун айтуусунда, "Визитканын" сыртына Мырзакматовдун сүрөтүн өз калоосу менен койгон. Окурмандардын журнал мэрге тиешеси бар деген пикирлерин Жапаров четке какты.

"[Журнал] шаардын визиткасы болгон үчүн ишти мэр Мелис Мырзакматов баштап бериш керек. Мырзакматов өзү билген эмес, журналдын деңгээлин да билген эмес, биз өзүбүздүн жеке ишибиз",—деди редактор.

Мэриянын басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматова да, мэрдин журналга эч кандай тиешеси жок экендигин белгилеп өттү.

"Биринчи бетинде шаардын мэри катары [редакция] сүрөтүн берди. Анын ичинде турат го башка толтура жаңылыктар",—деп айтты Ажиматова.

Журнал жеке болгондуктан кеткен каражаттарды актоо үчүн жарнамалык багытына көп көңүл бурулган. Канча чыгым кеткендигин журналдын жетекчилиги айтуудан баш тартты.

Ош шаардык Юстиция башкармалыгынын орун басары Айдар Камалов "Визиткага" чейин эки түстүү журналдардын катталган, бирок азыр ишмердүүлүгү белгисиз деп маалымдады.

Журналистер журнал жөнүндө

"Ош шамы" гезитинин журналисти Үсөн Кыязовдун билдирүүсүндө, жаңы чыккан басылма "заманбап болгону менен жакшы эмес". Ошондой эле коомчулукта мэрдин журналы деген ой жаратышы мүмкүн деп кошумчалады.

"Рекламалык бөлүмдү эсепке албаганда, сүрөттөр көп болуп, журнал сүрөт менен толуп калган",— деди Кыязов.

Журналист Ахмаджан Махамаджановдун оюнда, басылманын аты өзгөчө коюлган жана буга мэрдин тиешеси бар экендигин билдирди.

"Мелис Мырзакматов демөөрчүлүк көрсөтүшү мүмкүн",—деп айтты Махамаджанов.

Бирок журналист Асан Каракозуевдин айтуусунда, журналдын ээси ким экендиги маанилүү эмес.

"Менин журналым болобу?Сиздикиби?Мелис Мырзакматовдукубу? Эл үчүн кызмат кылса болду да",—деген оюн билдирди журналист.

"Күтүлбөгөн окуя"

"Интербилим" Эл аралык борброрунун Оштогу жетекчиси Гульгакы Мамасалиеванын айтуусунда, журналда жалаң эле белгилүү адамдар жазылган, карапайым эл жөнүндө маалымат жок.

"Бул жерде менде журнал бай адамдар үчүн иштейт деген ой болду[…]. Мугалимдер, врачтар, элге кызмат кылган адамдар жок",—деди Мамасалиева.

ОшМУнун мугалими Нурлан Мырзакулов "Клоопко" берген интервьюсунда, түштүк аймагы боюнча журналдын чыгышы күтүлбөгөн окуя, маңызы боюнча "күчтүү", мэрдин сүрөтү коюлганы "жакшы" болгондугун маалымдады.

"Визитка" журналы бул маалыматтык-жарнамалык басылма Ал 68 беттен туруп макалалар кыргыз, орус тилдеринде жазылып айына бир жолу басылып чыгат. Журналдын алгачкы чыгарылышында Ош шаары жөнүндө, президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурация аземи, Оштун белгилүү тургундары, шоу-бизнес, мода, саякат, кино жөнүндө макалалар жарыяланды. Анын баасы 60сом.

Редактор: Айзат Шакиева